КӨП БЕРИЛГЕН СУРООЛОР

Текшерүү канча жолу жүргүзүлөт?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 01-сентябрындагы № 446 “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу” токтому менен бекитилген 3-тиркемесине “Текшерилүүгө тийиш болгон өлчөө каражаттарынын тизмеси жана аларды текшерүүнүн мезгилдүүлүгү”  ылайык текшерүү текшерүүлөрдүн ортосундагы интервал менен жүргүзүлөт (текшерүү аралык интервал).

Текшерүү жүргүзүүнүн тартиби кайсы документ менен регламенттелет?

Өлчөө каражаттарын текшерүүнүн тартиби, текшерүү сертификатынын мазмунуна жана текшерүү белгисине талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 01-сентябрындагы № 446 “Өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу чаралары тууралуу” токтому менен бекитилген 1-тиркеме “Кыргыз Республикасында өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО”, 2-тиркеме “Текшерүү белгилерин даярдоонун, колдонуунун жана сактоонун тартиби жөнүндө ЖОБО”менен белгиленет

Өлчөө каражаттарын текшерүүгө кимдин укугу бар?

Өлчөө каражаттарын текшерүүнү метрология боюнча улуттук органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн текшерүү лабораториялары жүргүзөт. Метрология боюнча улуттук органда тиешелүү эталондор жок болгон учурда өлчөөлөрдүн айрым түрлөрү боюнча өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүү укугун белгиленген тартипте юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө жол берилет. Текшерүүнү белгиленген тартипте текшерүүчү катары аттестацияланган атайын окутулган адистер жүргүзөт.

Өлчөө каражаттарын текшерүү. Кайсы өлчөө каражаттары текшерилүүгө тийиш?

Өлчөө каражаттарын текшерүү-эксперименттик аныкталуучу метрологиялык мүнөздөмөлөрдүн негизинде өлчөө каражаттарынын колдонууга жарактуулугун аныктоо жана алардын техникалык регламенттерде белгиленген же даярдоочу заводдун коштоочу документтеринде көрсөтүлгөн милдеттүү талаптарга шайкештигин тастыктоо. Өлчөө бирдейлигин камсыз кылууну мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө колдонулуучу өлчөө каражаттары үчүн текшерүү милдеттүү болуп саналат