КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭКОНОМИКА ЖАНА КОММЕРЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ СТАНДАРТТАШТЫРУУ ЖАНА МЕТРОЛОГИЯ БОЮНЧА БОРБОРУНУН ЖАРАЛУУ ЖАНА ИШМЕРДҮҮЛҮК ТАРЫХЫ.

        1927-жылы Кыргыз АССРинин борбору  Фрунзе шаарында Кыргыз АССРинин Семипалатинск тараза-өлчөм палатасынын карамагындагы бөлүмү ачылган.

        1931-жылы бөлүм Кыргыз АССР Ички иштер эл комиссариатынын чен-өлчөм палатасынын өз алдынча текшерүү мекемесине айланган.

        СССР Элдик Комиссарлар Кеңешинин алдында Кыргыз АССРинин 1934-жылдын 9-сентябрындагы токтому менен Салмак-өлчөм палатасынын тараза-өлчөмдөр боюнча ыйгарым укуктуу борбордук башкармалыгы уюштурулган.

       1939-жылдан баштап Кыргыз АССРинде Кыргыз ССР Ички иштер Эл Комиссариатынын тараза-өлчөө башкармалыгы болуп түзүлгөн.

       СССР Министрлер Советинин1939-жылдын 14-январдагы №8 буйругу менен Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Советине караштуу Өлчөө жана ченөө каражаттары боюнча ыйгарым укуктуу комитетинин аппараты уюштурулуп, ал 1953-жылдын15-мартына чейин иштеген.

       СССР Министрлер Советинин1953-жылдын 15-мартындагы № 764 токтому менен ыйгарым укуктуу комитеттин аппараты Кыргыз ССРинин Министрлер Советине караштуу Өлчөө жана ченөө каражаттарынын Башкы палатасынын башкармалыгына айландырылган.

      СССР Министрлер Советинин 1955-жылдагы № 1762 Указы менен 1956-жылдын 1-январынан тартып ченөө жана өлчөө каражаттарынын Башкы палатасынын аппараты Кыргыз ССРинин Министрлер Советине караштуу Стандарттар, өлчөө каражаттары жана ченөө каражаттары боюнча ыйгарым укуктуу комитети болуп кайра түзүлгөн.

     1971-жылдан тартып Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы Стандарттар, өлчөмдөр жана ченөө приборлору боюнча ыйгарым укуктуу комитети СССР Стандарттар боюнча мамлекеттик комитетинин Кыргыз республикалык башкармалыгына айландырылган.

       СССРдин Мамлекеттик стандартынын 1991-жылдын 10-июлундагы № 218 буйругу менен Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология боюнча Башкы борбору (Кыргызстандарт) түзүлгөн.

      1992-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №153 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн.

      1994-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 01 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекция «Кыргызстандарт "болуп кайра түзүлгөн.

      2004-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 546 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттик инспекция Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институту болуп өзгөртүлгөн.

      2009-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №91 токтому менен Улуттук институт Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору болуп өзгөртүлгөн.

      2021-жылдан баштап борбор Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору болуп өзгөртүлдү.

      2022-жылдан баштап борбор Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору болуп өзгөртүлдү.