Электр жана радиотехникалык ченөө лабораториясы

Жетекчи: Стецюк Арсений Викторович тел. 0(312) 62-58-09 e-mail: erl.bcism.kg@gmail.com 

Электр жана радиотехникалык ченөө лабораториясы мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген электр энергиясын жана радиотехникалык параметрлерди аныктоодо колдонулуучу ченөө каражаттарын текшерүү боюнча кызмат көрсөтөт.

 Тактап айтканда, лабораторияда электр энергиясын эсептегичтерди, ток трансформаторлорун, медициналык өлчөө приборлорун, ылдамдыкты алыстан өлчөөчү приборлорду (радар), жол эрежесин бузууларды фото-видео жазуу комплекстерин, радиосигналдардын параметрлерин генерациялоо жана өлчөө үчүн арналган приборлор текшерилет. 

Ченөө каражаттарын текшерүүнүн максаты белгиленген техникалык жана метрологиялык талаптарга шайкештигин аныктоо жана тастыктоо болуп саналат. Ошентип, лаборатория өлкөнүн улуттук сапат инфраструктурасы сыяктуу эле өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуунун улуттук системасынын бир бөлүгү болуп саналат

Ошондой эле лаборатория өлчөө приборлорун калибрлейт

Иш чөйрөсү

Даттанууларды кароонун тартиби