Жылуулук техникалык ченөө лабораториясы

Жетекчи: Шамырбек уулу Алмаз, тел. 0(312) 66-22-80, e-mail: almaz0550@mail.ru

Жылуулук техникалык ченөө лабораториясы мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүнө кирген басымды, температураны жана сууну, газды жана жылуулук энергиясын өлчөө приборлорун текшерүү боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Тактап айтканда, лабораторияда манометрлер, термометрлер, жылуулук энергиясын эсептегичтер, ысык жана муздак суу эсептегичтери, газ эсептегичтери, тиричиликте көмүр кычкыл газынын сигнализациясы текшерилет.
Лаборатория температураны өлчөөчү приборлорду да калибрлейт. Лаборатория ISO/IEC 17025 эл аралык стандартынын талаптарына ылайык иштин бул түрү үчүн аккредитацияланган.

Ошондой эле лаборатория өлчөө приборлорун калибрлейт

Иш чөйрөсү

Даттанууларды кароонун тартиби