Продукцияны сыноо

Эл керектөөчү товарлар, идиштер жана таңгактоо сыноо лабораториясы

Тамак-аш жана айыл чарба азыктарын сыноо лабораториясы

Машина куруу комплексинин жана эмеректерди сыноо лабораториясы

Мунайзаттарды сыноо лабораториясы

КӨП БЕРИЛГЕН СУРООЛОР

Эмне үчүн сыноо протоколу керек?

Сыноо протоколу - сертификаттоо жана шайкештик жөнүндө декларацияны алуу үчүн колдонулат. Ал продукциянын сыноодон өткөндүгүн, керектөөчүнүн ден соолугуна, айлана-чөйрөгө коопсуз экендигин жана тиешелүү ченемдик укуктук актыларда белгиленген бардык талаптарга толук жооп берерин тастыктоо катары колдонулат. Лабораториялык сыноолордун корутундусу төмөнкү учурларда талап кылынышы мүмкүн: продукция милдеттүү түрдү сертификация процессинен өтсө; өтүнмө ээсинин керектөөчүгө продукциянын сапатынын стандарттарына ылайык сертификаттоо каалоосу бар.

Документтерди каттоо кайсы жерде жүргүзүлүт?

Сыноолордун протоколу Бишкектеги сыноо, сертификаттоо жана метрология борборунун сыноо лабораторияларында берилет. Лабораториялык текшерүү протоколун алуу үчүн эмне кылуу керек? Лабораториялык сыноолорду жүргүзүү үчүн Бишкек сыноо, сертификаттоо жана метрология борборуна сыноо жүргүзүү үчүн продукциянын үлгүлөрүн белгиленген формадагы арыз менен бирге берүү керек

Лабораториялык экспертизанын корутундусун алуу үчүн эмне кылышым керек?

Лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн Бишкектеги Сыноо, сертификаттоо жана метрология борборуна сыноо

үчүн продукциянын үлгүлөрүн белгиленген формадагы арыз менен бирге берүү зарыл