Главная / БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен Кыргызстандарттын ортосунда макулдашууга кол коюу
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) менен Кыргызстандарттын ортосунда макулдашууга кол коюу
2024-жылдын 22-августунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун (мындан ары-Кыргызстандарт) директору Б.А. Нурматов БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) ортосунда биокоопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык Кыргыз Республикасында биологиялык коопсуздук боюнча механизмди түзүү үчүн иш-чараларды ишке ашыруу жана кызматтарды көрсөтүү боюнча Макулдашууга кол коюлду.
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму ФАО "Биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык Кыргыз Республикасындагы Биокоопсуздук" жаңы долбоорун ишке киргизди. Бул долбоор 3 негизги тоскоолдуктарды жоюуга багытталган:
1. Макулдашылган нормативдик-укуктук базасынын жоктугу;
2. Чектелген институттук, техникалык жана кадрдык потенциал;
3. ГЖО/ГМОнун экономикалык, укуктук жана социалдык кесепеттери жөнүндө маалыматтын жана түшүнүктүн жоктугу.
Кыргыз Республикасы биологиялык ар түрдүүлүктөргө абдан бай мамлекет. Ушуга байланыштуу биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө Конвенция (КБР) 1996-жылы жана Биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколу 2005-жылы ратификацияланган.
Биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасы генетикалык-инженердик ишти жөнгө салуу бөлүгүндө улуттук деңгээлде биологиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча натыйжалуу ченемдик-укуктук базаны түзүү боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган.
Кыргызстандарт билимди жана потенциалды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде ички координацияны колдоо, саясий, ченемдик-укуктук жана институционалдык базаны чыңдоо, ошондой эле биологиялык коопсуздук жаатында техникалык окутууга көмөктөшүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун толук планын ишке ашырат.
Долбоордун максаты Биологиялык коопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык биологиялык коопсуздук боюнча комплекстүү, натыйжалуу ченемдик-укуктук базаны түзүүнү колдоо, Картахена протоколу улуттук деңгээлде көтөрүү жана аны ишке ашыруу үчүн техникалык потенциалды түзүү болуп саналат.