Главная / ЕАЭБ - 2025 форуму

ЕАЭБ - 2025 форуму

ЕАЭБ - 2025 форуму


30 июня, 2025

ЕАЭБ - 2025 форуму Евразия экономикалык биримдигинин интеграциялык процесстерин жана өнүгүү приоритеттерин талкуулоо үчүн негизги аянтча болуп калды. Иш-чарага ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, ишкер чөйрөлөрдүн, илимий коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Форумдун көңүл борборунда санариптик трансформация, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселелери болду. Катышуучулар экономикалык интеграцияны тереңдетүү, тоскоолдуктарды жоюу жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн продукцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жөндөмдүү жалпы инновациялык мейкиндикти түзүү боюнча конкреттүү кадамдарды талкуулашты.

Форумдун алкагында Кыргызстандарттын директору Болот Нурматов Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Елена Моргунова менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар метрология, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатында тажрыйба алмашуу маселелерин, ошондой эле Сапат жылынын жакшы салтына айланган эң мыкты Ата Мекендик продукцияга Мамлекеттик сапат белгисин ыйгаруу демилгесин талкуулашты.

 

ЕАЭБ форуму мамлекет менен бизнестин ортосундагы конструктивдүү диалог үчүн натыйжалуу платформа катары өзүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктап, кызматташтык үчүн жаңы горизонтторду ачып, Биримдик  өлкөлөрүнөн инвестицияларды тартууда.