Главная / Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) стандартташтыруу жаатындагы кызматташуу боюнча конференциясы

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) стандартташтыруу жаатындагы кызматташуу боюнча конференциясы

Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) стандартташтыруу жаатындагы кызматташуу боюнча конференциясы


10 июля, 2025

2025-жылдын 9-июлунда Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алкагында Кытай Эл Республикасынын, Россия Федерациясынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Монголиянын стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын делегациялары стандартташтыруу жаатындагы кызматташтык боюнча биринчи тарыхый жыйынга катышты.

Иш-чаранын демилгечилери Кытайдын Базарды көзөмөлдөө жана жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрациясы (SAMR) жана Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча федералдык агенттиги (Росстандарт) болду.

Жыйындын алкагында катышуучулар стандартташтыруу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында иштин артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты. Атап айтканда, ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин ортосунда стандартташтыруу жаатында кызматташуу механизмдерин орнотуу, жумушчу топ түзүү, стандарттар боюнча маалымат базасын түзүү жана стандартташтыруу жаатындагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган кызматташуу боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгуу маселелери каралды. Мындан тышкары, стандартташтыруу боюнча бир катар негизги маселелер, ошондой эле ШКУ сыяктуу интеграциялык бирикмелерге катышкан мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча маалымат алмашуу үчүн бирдиктүү платформа түзүү үчүн колдонула турган SMART-стандарттар чөйрөсүндөгү маселелер талкууланды.

Муну менен катар Кыргызстандарттын делегаттары жана Кытай Эл Республикасынын Базарды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик башкармалыгынын Улуттук стандарттарды баалоо борборунун өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүлүп, "Стандартташтыруу боюнча документтерди сатуу жана жайылтуу боюнча" макулдашууга кол коюлду.

 

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар кызматташтыкты тереңдетүү боюнча практикалык кадамдарды, анын ичинде ШКУнун стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын жетекчилеринин үзгүлтүксүз жолугушууларынын механизмин жана адистештирилген жумушчу топту түзүү, эл аралык уюмдарда (ISO, IEC), техникалык кызматташтыкты, ошондой эле жасалма интеллект, кванттык технологиялар, электромобилдер жана санариптик трансформация сыяктуу келечектүү багыттарда стандартташтыруу боюнча тажрыйба алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бардык сунуштар жана талкуулар «ШКУга мүчө мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо боюнча Циндао демилгеси» документинин негизин түзөт, ал мындан аркы биргелешкен иш үчүн колдонмо болуп калат.