Главная / Кыргызстандарт жана ФАО азык-түлүктөгү ГМОну аныктоо боюнча атайын семинар өткөрүүдө
Кыргызстандарт жана ФАО азык-түлүктөгү ГМОну аныктоо боюнча атайын семинар өткөрүүдө
Кыргызстандарт ФАО менен биргеликте азык-түлүк продукцияларындагы ГМОну аныктоо боюнча семинар өткөрүүдө
Биокоопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык, ФАО/ГЭФ "Кыргыз Республикасында улуттук биокоопсуздук механизмин ишке ашыруу" долбоорунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору (Кыргызстандарт) БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн техникалык жардамы жана Глобалдык Экологиялык Фонддун (ГЭФ) каржылык колдоосу менен адистештирилген семинар өткөрүүдө.
Семинар 2025-жылдын 12–13-август күндөрү Бишкек шаарындагы Кыргызстандарттын Тамак-аш жана айыл чарба продукцияларын сыноо боюнча лабораториясынын базасында өтүүдө. Бул иш-чара Саламаттык сактоо министрлигинин, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, Мамлекеттик бажы кызматынын сыноо лабораторияларынын адистери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин кызматкерлери үчүн уюштурулган.
Семинардын максаты – азык-түлүк жана чийки азык заттарындагы генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерди (ГМО) аныктоо, талдоо ыкмаларын, ошондой эле ГОСТ ISO 21570-2009 боюнча заманбап тест системаларын колдонуу аркылуу адистердин компетенциясын жана практикалык жөндөмдөрүн жогорулатуу.
Беларусь Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Генетика жана цитология институтунун Биобезопастык боюнча улуттук координациялык борборунун жетекчиси, биология илимдеринин кандидаты, эл аралык эксперт Г. Мозгова семинарды окутту.
Семинарда катышуучулар төмөнкү темалар боюнча теориялык жана практикалык лабораториялык сабактарга катышышат:
● ГМОну скрининг, аныктоо жана сандык баалоо боюнча заманбап ыкмалар.
● Ар кандай үлгүлөрдү даярдоо процесси.
● Референс ERM материалынан жана башка үлгүлөрдөн ДНК бөлүп алуу (экстракция) диагностикалык топтомду колдонуу менен.
● ГМОну идентификациялоо жана сандык анализдөө принциптери.
● Скрининг үчүн реакциялык аралашманы даярдоо жана амплификация процесси.
● Qiagen Rotor Gene Q5 амплификаторунун жардамы менен алынган жыйынтыктарды интерпретациялоо.
Бул семинар катышуучулардын кесиптик билимин бекемдеп, лабораториялык компетенцияларын жогорулатууга, ошондой эле Кыргыз Республикасында азык-түлүк продукцияларына жана чийки азык затына сапат көзөмөлүн жүргүзүүдө бирдиктүү жана так өлчөө стандарттарын камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.