Главная / Кыргызстандарт адистери сыноо жабдууларын аттестациялоо боюнча окутуудан өтүштү
Кыргызстандарт адистери сыноо жабдууларын аттестациялоо боюнча окутуудан өтүштү
2025-жылдын 7-11-апрелине чейин Бишкек шаарында Кыргызстандарттын базасында "Сыноо жабдууларын аттестациялоо" темасында окутуу өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Россия Федерациясынын техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча Федералдык агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумдун алкагында уюштурулду.
Тренингдин негизги максаты – сыноо жабдууларын аттестациялоо жана сыноолордун тактыгын камсыз кылуу багытында адистердин квалификациясын жогорулатуу. Бул продукциянын сапаты менен коопсуздугун камсыз кылууда өзгөчө мааниге ээ.
Тренингде төмөнкү темалар каралды:
• Продукцияны сыноонун теориялык негиздери;
• Таасир этүүчү факторлор жана алардын таасирин минималдаштыруу ыкмалары;
• Сыноо методдору жана техникалык талаптар;
• Метрологиялык камсыздоо;
• Сыноо жабдууларын аттестациялоонун практикалык аспектилери.
Окутууну "Стандартташтыруу, метрология жана сыноолордун мамлекеттик аймактык борбору" мекемесинин жогорку квалификациялуу адистери өткөрдү. Алар Башкортостан Республикасынын А.М. Муратшина атындагы борборунда топтолгон тажрыйба менен бөлүшүштү.
Бул иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар теориялык билимдерин тереңдетип, практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасындагы сыноолордун сапатын жогорулатууга жана алардын натыйжаларына болгон ишенимди күчөтүүгө өбөлгө болот.
Кыргызстандарт, өлкөдө стандартташтыруу жана метрология системасын өркүндөтүү иштерин улантып, продукциянын сапатын жогорулатуу жана керектөөчүлөрдүн ишенимин бекемдөө багытында иш алып барууда.