Главная / Кыргызстандарт аймактык борборлордун эталондук базасын жана материалдык-техникалык жабдылышын чыңдоону улантууда

Кыргызстандарт аймактык борборлордун эталондук базасын жана материалдык-техникалык жабдылышын чыңдоону улантууда

Кыргызстандарт аймактык борборлордун эталондук базасын жана материалдык-техникалык жабдылышын чыңдоону улантууда


04 ноября, 2026

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын эталондук базасын өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө токтомун ишке ашыруу максатында, ошондой эле 2026-жылдын 24-октябрында белгиленүүчү Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргызстандарттын аймактык борборлоруна электрдик өлчөөлөр, басым, суунун чыгымын өлчөө, ошондой эле температура жана нымдуулук жаатындагы заманбап эталондук жабдуулар өткөрүлүп берилди.

Бул иштер аймактык бөлүмдөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого, алардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган.

Белгилей кетсек, көп жылдардан бери алгачкы жолу 2024-жылы Кыргызстандарт тарабынан атайын таразаларды текшерүүчү (поверка) автоунаасы сатылып алынган. Учурда аталган автоунаа Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан автомобиль жана оор жүк ташуучу унаалар үчүн арналган таразаларды текшерүү боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө ийгиликтүү пайдаланылып келет.

Мындан тышкары, жогоруда аталган токтомду ишке ашыруунун алкагында 2025-жылы да кошумча эталондук жабдуулар сатылып алынып, бул Кыргызстандарттын аймактык борборлорундагы метрологиялык лабораториялардын техникалык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга жана эталондук базаны ырааттуу өнүктүрүүгө багытталган.