Главная / Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгы боюнча кеңешинин жыйыны өттү.

Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгы боюнча кеңешинин жыйыны өттү.

Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгы боюнча кеңешинин жыйыны өттү.


04 ноября, 2026

2026-жылдын 30-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде 2025–2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгы боюнча кеңешинин жыйыны өттү. Жыйынды Кеңештин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары жетектеди.

Жыйынга Кеңештин мүчөлөрү жана кызыкдар мамлекеттик органдардын жана уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө сынактын жыйынтыктары, эксперттик комиссиянын иши, лауреат жана дипломдук наамдарды ыйгаруу боюнча сунуштар жана Кеңештин 2027–2028-жылдарга карата иш планы каралып бекитилди.

Талкуудан кийин Кеңештин мүчөлөрү күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алышты, анын ичинде үч категория боюнча лауреаттарды жана диплом ээлерин аныкталды.

Сынак ата мекендик ишканаларды жана уюмдарды өз продукцияларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жакшыртууга, заманбап башкаруу ыкмаларын колдонууга жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга максат кылат.

 

Сынактын уюштуруучулук жана техникалык колдоосун Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу  Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) көрсөтөт.