Главная / "Кыргыз Республикасынын «Стандартташтыруу жөнүндө» Мыйзамы боюнча тааныштыруу семинары"
"Кыргыз Республикасынын «Стандартташтыруу жөнүндө» Мыйзамы боюнча тааныштыруу семинары"
Бүгүн, 2025-жылдын 19-февралында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Сүйрү залында Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2025-жылдын 11-январында кол коюлган «Стандартташтыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын түшүндүрүү боюнча семинар болуп өттү. Иш-чарага министрликтердин, ведомстволордун, техникалык комитеттердин өкүлдөрү жана стандартташтыруу жаатындагы кызыкдар тараптар катышты.
Семинарды Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын башчысы Шабданов Бакыт Касмалиевич ачып, техникалык жөнгө салуу жаатындагы мыйзамдык өзгөртүүлөрдүн маанилүүлүгүнө токтолду.
Кыргызстандарттын директору Нурматов Болотбек Асанович Кыргызстандарттын ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасап, жаңы Мыйзамдын негизги максаттары жана милдеттери тууралуу кеңири маалымат берди. Ал стандартташтыруу системасын өркүндөтүү жана аны заманбап талаптарга шайкеш келтирүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү экенин баса белгиледи.
Кыргызстандарттын Стандартташтыруу башкармалыгынын башчысы, экономика илимдеринин кандидаты Айтмурзаева Динара Турдакуновна жаңы Мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөр жана жаңычылдыктар боюнча кеңири баяндама жасады. Ал стандартташтыруу жаатындагы реформалар, жаңы жоболордун ишке ашырылышы жана алардын тармактарга тийгизе турган таасири тууралуу айтып берди.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар жаңы мыйзамды ишке ашыруу боюнча пикир алмашып, талкуу жүргүзүп, актуалдуу суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле, тиешелүү мекемелер жана адистер тарабынан бир катар сунуштар айтылып, стандартташтыруу жаатында мындан аркы кадамдар аныкталды.
Бул семинар мыйзамдын негизги жоболорун иш жүзүндө колдонууга багытталган маанилүү аянтча болуп, тармактын адистери үчүн тажрыйба алмашууга жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоого шарт түздү.
Кыргызстандарт иш-чарага катышкан бардык тараптарга ыраазычылык билдирип, өлкөбүздүн стандартташтыруу системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн алкышын билдирет.