Главная / Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кеңешме
2025-жылдын 30-январында Кыргызстандартта УКМКнын өкүлдөрүнүн катышуусунда коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча кеңешме болуп өттү
2025-жылдын 30-январында Кыргызстандартта УКМКнын өкүлдөрүнүн, Кыргызстандарттын жетекчилигинин жана кызматкерлеринин катышуусунда коррупцияга каршы күрөшүү жана анын алдын алуу боюнча кеңешме болуп өттү. УКМКнын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» кабыл алынган мыйзамына ылайык, коррупциялык мүнөздөгү кылмыштар үчүн кылмыш жазасын катаалдаштыруу маселелерин түшүндүрүштү.