Главная / Кыргызстандарттын өкүлдөрүн Россия стандартташтыруу институтунда окутуу

Кыргызстандарттын өкүлдөрүн Россия стандартташтыруу институтунда окутуу

Кыргызстандарттын өкүлдөрүн Россия стандартташтыруу институтунда окутуу


19 декабря, 2024

2024-жылдын 16-17-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен Россия Федерациясынын Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча Федералдык Агенттигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруунун алкагында, Россиянын Стандартташтыруу институту тарабынан Кыргызстандарттын өкүлдөрүн окутуу уюштурулду.

Эки күндүн ичинде катышуучулар Россия Стандартташтыруу институтунун алдыңкы эксперттери тарабынан өткөрүлгөн ар кандай окутуу сессияларын өткөрүштү. Негизги окуу темалары камтылган: 

-Техникалык жөнгө салуунун негиздери жана аны өнүктүрүүнүн негизги тенденциялары; 

-Сыноо протоколдору боюнча продукцияны сертификаттоо; 

-Шайкештик жөнүндө декларацияларды каттоодо ЕАЭБ алкагында далил базасын чогултуу; -БС ТР 018/2011 "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө"милдеттүү талаптары жайылтылган продукцияны идентификациялоо; 

-Сертификаттоо жөнүндө маалыматтын Федералдык реестрин жана Стандарттардын Федералдык маалымат фондун түзүү жана жүргүзүү; 

-Росстандарттын "Береста" Стандарттардын Федералдык маалымат фондун түзүү жана жүргүзүү,  колдонуу жана стандарттарды машина окуй турган форматка которуу. 

Мындан тышкары, Кыргызстандарттын директорунун орун басары А.Н. Мусаев Россия Стандартташтыруу институтунун "Сапатты сактоо;, Стандарттарды басып чыгаруунун жолу"деген ураан астында өткөн 100 жылдык мааракесине катышты, 

Акыркы жылдары Кыргызстандарт жана Росстандарт стандартташтыруу, метрология жана сертификациялоо жаатындагы кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүп жатышат, бул чөйрөлөрдө билимдерди жана компетенцияларды жогорулатуу үчүн маанилүү кадам болуп саналат. Аталган иш-чаралар эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана бирдиктүү сапаттуу инфраструктураны түзүүгө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде өз ара соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюуга жардам берет.