Главная / Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 66-жыйыны өттү

Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 66-жыйыны өттү

Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 66-жыйыны өттү


17 декабря, 2024

2024-жылдын 16-декабрында Беларусь Республикасынын Стандартташтыруу боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Елена Моргунованын төрагалыгынын алдында Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин 66-жыйыны болуп өттү.

Бул отурумда төмөнкүдөй негизги маселелер каралды: 

Стандартташтыруу боюнча жаңы мамлекеттер аралык техникалык комитеттерди түзүү; 

2030-жылга чейинки мезгилге Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча мамлекеттер аралык кеңешинин өнүктүрүү Стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу; 

2024-2025-жж. мамлекеттер аралык стандартташтыруу программасын ишке ашыруу.

Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ сыйлыгына сынак ж.б.;

"Продукциянын толук жашоо циклин башкаруу системасы" жаңы Мамлекеттер аралык техникалык комитет түзүлдү; 

"КМШнын мыкты жаш метрологу" эл аралык сынагынын негиздөөчү документтеринин долбоорлору жактырылды.

Эске сала кетсек, пилоттук мелдеш 2024-жылдын июнь айында Санкт-Петербург шаарында өткөн

Кыргызстандарттын атынан төмөнкүлөр катышты:

Кыргызстандарттын директорунун орун басары – А.Н. Мусаев;

Метрология башкармалыгынын начальниги – А.Дж.Баялиев;

Стандартташтыруу башкармалыгынын башчысы – Д. Айтмурзаева.

Мындан тышкары, Армениянын Стандартташтыруу жана метрология боюнча улуттук органынын директорунун милдетин аткаруучу Альберт Бабаяндын төрагалыгы астында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн стандартташтыруу боюнча улуттук органдарынын жетекчилеринин кеңешинин отуруму болуп өттү

Катышуучулар:

ЕЭКтин Техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Валентин Татарицкий жана Стандарттар бюросу

Делегациялар ЕАЭБ техникалык регламенттеринин илимий-техникалык деңгээлин баалоонун жыйынтыктарын жана стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо тартибин ишке ашыруу стандарттарды жана башкаларды киргизүү боюнча бирдиктүү өткөөл мезгилдерди белгилөө боюнча практика жана сунуштар. Кеңештин 2025-2026-жылдарга карата иштеринин багыттары талкуулашты.