Главная / Кытай Эл Республикасынын Шэньси метрология институтунун делегациясынын иш сапары

Кытай Эл Республикасынын Шэньси метрология институтунун делегациясынын иш сапары

Кытай Эл Республикасынын Шэньси метрология институтунун делегациясынын иш сапары


27 августа, 2024

"Бир алкак – бир жол" демилгесинин алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбор менен Кытай Эл Республикасынын Шэньси метрология институтунун сыноо жана метрология боюнча улуттук изилдөө борборунун ортосундагы "метрология жаатында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумду" ишке ашыруунун алкагында бүгүн Кыргызстандарттын базасында 2024-2026-жылдарга метрология жаатында кызматташуунун жол картасына кол коюлду.

Жолугушуунун жүрүшүндө метрология, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатындагы кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды:

- метрология жана стандартташтыруу жаатындагы документтерди, стандарттарды өз ара алмашуу;

- аймактык метрологиялык уюмдардын алкагында чоңдуктардын бирдиктеринин улуттук эталондорун жана баштапкы эталондук өлчөө каражаттарын биргелешип салыштырууларды жүргүзүү;

- Метрология жаатында биргелешкен илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү, ошондой эле изилдөөлөрдү жүргүзүү жана өлчөөлөрдүн, текшерүүнүн жана калибрлөөнүн жаңы ыкмаларын, ошондой эле стандарттык үлгүлөрдү иштеп чыгуу;

- Кыргызстандарга техникалык жардам көрсөтүү;

- Шэньсидеги Сыноо жана метрология боюнча улуттук изилдөө борборунда Кыргызстандарттын улуттук эталондорунун өлчөөлөрүнө метрологиялык байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу;

Мындан тышкары, иш сапардын алкагында лабораториялар аралык салыштыруу үчүн салмак таштары алынып келинди – бул Кыргызстандарттын эталондук салмак жана тараза кадыр-баркын кыйла жогорулатат, ошондой эле өлкөнүн метрологиялык инфраструктурасын жакшыртат, бул көрсөтүлгөн кызматтардын кеңейишине жана көбөйүшүнө түздөн-түз алып келет.