Главная / Бүткүл дүйнөлүк метрология күнүнө арналган «көлөмдү өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө, анын ичинде анын отун таратуучу колонкаларды текшерүү» боюнча Семинар

Бүткүл дүйнөлүк метрология күнүнө арналган «көлөмдү өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө, анын ичинде анын отун таратуучу колонкаларды текшерүү» боюнча Семинар

Бүткүл дүйнөлүк метрология күнүнө арналган «көлөмдү өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө, анын ичинде анын отун таратуучу колонкаларды текшерүү» боюнча Семинар


23 мая, 2024

2024-жылдын 21-майынан 23-майына чейин Жалал-Абад шаарында Германиянын Физико-Техникалык институтунун (РТВ) «Борбордук Азия өлкөлөрүндө сапат инфраструктурасын бекемдөө» эки тараптуу долбоорунун алкагында Кыргызстандарттын адистери Бүткүл дүйнөлүк метрология күнүнө арналган, «Көлөмдү өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө анын ичинде күйүүчү отун таратуучу колонкаларды текшерүү» боюнча семинар өткөрүштү.

Семинардын алкагында Кыргызстандарддын аймактык борборлорунун адистери үчүн теориялык жана практикалык окуулар өткөрүлдү, бул адистерге көлөм өлчөө каражаттарын текшерүүдө жана калибрлөөдө колдонулган стандарттар боюнча толук түшүнүк берилди.

Семинар көлөмдүк өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө, анын ичинде күйүүчү отун таратуучу колонкаларды текшерүү боюнча Кыргызстандардын аймактык борборлорунун адистеринин билим деңгээлин жогорулатууга багытталды. Бул семинар катышуучуларга өз планын өз алдынча аныктоо, ишке ашыруу жана ченөө жана кесиптик ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча билим алуусун камсыз кылынды.

Ошондой эле бул семинарда натыйжалуулук максатында таразалар боюнча лабораториялар аралык салыштыруу жүргүзүлдү, мында пилоттук лаборатория Кыргызстандарддын масса жана тараза эталондук лабораториясы болуп эсептелет.

2023-2024-жылдарга метрология тармагында илимий-техникалык кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында эки тараптуу кызматташтык программасын ишке ашыруу максатында Кыргызстандарт менен Өзбекстандын Техникалык жөнгө салуу агенттигине (УзНИМ) караштуу Улуттук метрология институтунун ортосунда тажрыйба алмашуу максатында көлөмдү өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө, анын ичинде анын отун таратуучу колонкаларды текшерүү боюнча семинарга УзНИМдин өкүлдөрү катышышты.