Главная / Азербайжан Республикасындагы жыйындарда Стандартташтыруу жана метрологиянын негизги маселелерин талкуулоо жана Кыргызстандарт менен Росстандарттын ортосундагы эки тараптуу жолугушуу

Азербайжан Республикасындагы жыйындарда Стандартташтыруу жана метрологиянын негизги маселелерин талкуулоо жана Кыргызстандарт менен Росстандарттын ортосундагы эки тараптуу жолугушуу

Азербайжан Республикасындагы жыйындарда Стандартташтыруу жана метрологиянын негизги маселелерин талкуулоо жана Кыргызстандарт менен Росстандарттын ортосундагы эки тараптуу жолугушуу


23 мая, 2024

Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өтүп жаткан жыйындардын алкагында Стандартташтыруу боюнча мамлекеттер аралык техникалык комитеттердин ишин уюштуруу боюнча жумушчу топтун 13-отуруму жана Мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча илимий-техникалык комиссиянын (СТК) 67-жыйыны болуп өттү.

Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча кеңеште (МСК)төмөндөгү маселелер талкууланган:

• 2030-жылга чейинки мезгилге МАСды өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке ашыруу жөнүндө (МАСнын 64-жыйынынын Протоколунун 2.2-пункту);

• Эл аралык кызматташтык жөнүндө;

• Мамлекеттер аралык стандартташтырууну маалыматтык камсыздоо жөнүндө;

• 2023-2027-жылдарга мамлекеттер аралык стандартташтыруу боюнча иштердин артыкчылыктуу багыттарынын тизмеси жөнүндө (ПНМС 2023-2027);

• ЕЭК менен МАСнун ортосундагы кызматташтык жөнүндө;

• Стандартташтыруу, метрология, сапатты башкаруу жана шайкештикти баалоо чөйрөсүндө кадрларды даярдоо, кесиптик кайра даярдоо, квалификациясын жогорулатуу боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин базалык уюмунун иши жөнүндө (базалык уюм).

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Б.А.Нурматовдун жана Техникалык жөнгө салуу жана метрология боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси

( Росстандарт) А.П.Шалаевдин эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө төмөнкү маселелер талкууланды: 

• Мурда берилген эталондук жабдуулардын тизмесине ылайык Кыргызстандардын метрологиялык лабораторияларын модернизациялоо;

• Росстандарттын жана Россия Федерациясынын башка илимий-изилдөө институттарынын базасында метрология, продукцияны тестирлөө ыкмаларын колдонуу боюнча Кыргызстандарттын адистерин даярдоо;

• АРШИН маалымат системасын Кыргызстандарга өткөрүп берүүнүн тартибин жана негиздерин аныктоо;

• Май куюучу станциялардагы күйүүчү май бөлүштүргүчтөрдү текшерүү/калибрлөөдө программалык камсыздоону өздөштүрүү;

• Автоцистерналарды жана резервуарларды калибрлөө боюнча тренинг;

• Стандартташтыруу жаатында Росстандарт менен кызматташуу.