Стандартташтыруу

Стандартизация башкармалыгы

Стандартизация бөлүмү

Каталогизациялоо,классификациялоо жана менеджмент системалардын болуму

Улуттук фонд

Стандарттардын интернет дүкөнү

Кызмат көрсөтүүлөр

Алиментариус кодекси

КӨП БЕРИЛГЕН СУРООЛОР

Стандарт деген эмне жана ал эмнеге керек?

Стандарт бул продукциянын жана кызматтардын сапатына жана коопсуздугуна болгон белгилүү талаптары белгиленген документ болуп саналат. Стандарттар мекемелердин өңүгүүсүнө көмөк боло алат, адамдардын күнүмдүк жашоосун жеңилдетет, коопсуздундурат жана ден-соолугун чындайт. Бул деген соода сатыкты жеңилдетүүгө, чыгымдарды азайтуу үчүн структураны калыптандырууга, өз ара аракеттенүүнүн эффективдүүлүгүн жана жөндөмдүүлүгүн жогорлутууга, керектөөчүлөрдүн укугун коргоого жана алардын ишенимин бекемдөөгө өбөлгө боло алат.

Стандарт кантип иштелип чыккан? Өнүгүү этаптары

1.         Кызыктар тарап продукциянын бир түрүн жасоого же кызмат көрсөтүүгө ниеттенүүдө ал стандартташтыруу тармагында нормативдик укуктук актыларды изилдеп, продукцияны өндүрүү үчүн стандарт зарыл экенин түшүнөт.

2.         Кызыкдар тарап стандартты сатып алуу маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Стандартташтыруу боюнча Улуттук органына (мындан ары - Стандартташтыруу боюнча улуттук орган) кайрылат.

3.         Адис өтүнмө ээси менен бирге стандартташтыруу боюнча улуттук орган Фонддуна баруу менен ал жерде Фонддун адистери менен бирге керектүү стандартты издөө жана тандоо жумушун аткарат. Эгерде табылган стандарт өтүнмө ээсин канааттандырса, анда ал аны белгиленген тартипте Фонддон сатып алат. Эгерде Фонддо табылган стандарт өтүнмө ээсинин керектөөлөрүнө ылайык келбесе, стандартташтыруу боюнча улуттук органдын адиси аны Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча тиешелүү техникалык комитетине жөнөтөт. Эгерде өтүнмө ээси керектүү стандартты өз алдынча иштеп чыгууга ниеттенсе, стандарттар боюнча улуттук органдын адиси стандартты иштеп чыгуу, куруу, көрсөтүү, долбоорлоо жана белгилөө жол-жоболору белгиленген негизги стандарттарды сатып алууну сунуштайт. Андан тышкары, адис негиздөөчү документтерди колдонуу боюнча, ошондой эле конкреттүү стандартты иштеп чыгуу маселелери боюнча кеңешмелерин берет.

4.         Өтүнмө ээси (ТК) тарабынан иштелип чыккан стандарттын долбоорунун биринчи редакциясы стандартташтыруу боюнча улуттук органга жана тиешелүү мамлекеттик органга жөнөтүлөт.

5.         Стандартташтыруу боюнча улуттук орган коомдук талкуулоо үчүн стандарттын долбоорун иштеп чыгуунун башталышы жөнүндө билдирүүнү сайтка жайгаштырат.

6.         Стандартташтыруу боюнча улуттук орган белгиленген тартипте стандарттын долбооруна экспертиза жүргүзөт, коомдук талкуулоо мезгилинде кызыкдар тараптардан келип түшкөн сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен корутунду даярдайт жана аны кайра иштеп чыгуу үчүн өтүнмө ээсине (ТК) жиберет.

7.         Өтүнмө ээси (ТК) сын-пикирлерди оңдоодон кийин стандарттын долбоорунун экинчи редакциясын стандартташтыруу боюнча улуттук органга кароого жөнөтөт.

8.         Эгерде сын-пикирлер жоюлса, стандартты бекитүү үчүн буйруктун долбоору даярдалат (кошумча сын-пикирлер болсо, аны өтүнмө ээсине кайра иштеп чыгуу үчүн жөнөтүлөт).

9.         Өтүнмө ээси профилдик мамлекеттик органдын оң корутундусун стандартты бекитүү үчүн стандартташтыруу боюнча улуттук органга жиберет.

10.     Стандарт бекитилгенден кийин бардык кызыкдар тараптар бекитилген стандартты Фонддон сатып алып, ага ылайык продукция чыгара алышат. Экспертиза боюнча мамлекеттик кызмат акы төлөнүүчү кызмат болуп саналат. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы стандарттын долбоорунун көлөмүнө жараша болот: -стандартты кайра карап чыгуу (стандартка өзгөртүүлөр) – 2223 сом; - жаңы долбоор 30 бетке чейин – 6103 сом; - жаңы долбоор 30 беттен ашык болсо – 10722 сомду түзөт.

Мекемеге сапаттын менеджмент системасы эменеге керек?

Мекемеде сапатты максаттуу башкаруу үчүн сапаттын менеджмент системасы (СМС) керек.

СМС маанилүү эки функцияны аткарат:

-            Бир жактан, экономикалык эффективдүү СМС жетишсиз сапаттан келип чыккан чыгымдарды азайтууга жетүүнү камсыздайт;

-            Башка жактан, сапат имиджи жакшы мекеме керектөөчү алдында анын ишенимин артырат жана ошондуктан ал мекеме өзүнүн продукциясына атаандашына караганда жогору бааны койо алат, эгерде ал атаандашында тиешелүү имиджи жок болсо.

Системдик сапат менеджменти төмөнкүлөргө өбөлгө болот:

-            Продукциянын сапатынын үзгүлтүксүз жогорулатуусуна;

-            Кардарлардын ишенимин арттыруусуна;

-            Өндүрүш чыгымдарын азайтуусуна жана ошону менен биргеликте мекеменин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуусуна.

Сапат менеджменти, чыгым иштерин азайтууга, өндүрүш процесстерин, иштерин, кызматтарын жана продукциянын үзгүлтүксүз жакшыртуусуна, ошого байланыштуу кардарлардын талаптарын тезиреек жана жакшыраак аткарууга жана өндүрүш натыйжасын жакшыртууга багытталган.

СМС сертификациялоосу мекемеге эмнеге керек?

“Сертификация” түшүнүк “сertificare = ишенимдүү жасоо, туура” деген латын сөзүнөн пайда болгон.

Көз карандысыз мекеменин СМС стандарттын талаптарына дал келгендигин ырастоочу болуп сапат сенеджментинин сертификациялоосу болуп саналат. Башкача сөздөр менен айтканда, кардарлардын бардык талаптарын эске алуу менен мекеме сапаттуу продукциясын үзгүлтүксүз негизде камсыздоосун ырастайт.

СМС сертификациясы, кардарлар тарабынан көптөлгөн аудиттерден арылуучу далилденген курал болуп саналат.

Азыркы учурда, көптөгөн мекемелер, бийлик органдары жана ведомстволор өз камсыздоочуларынан СМС сертификаттарын талап кылгандыктан жана ошондой эле ал талапты түзүлгөн келишимдердин негизине киргизгендиктен, сертификат мекемеге атаандаштыктын артыкчылыгана себеп боло алат.

Мындан тышкары, сертификациялык аудит – бул толук көз карандысыз, объективдүү эксперттер менен биргеликте мекеменин алсыз жактарын таап чыгып жана аларды тышкы аудиттин жардамы менен жойуу.