1992-жылы Кыргызстандарттын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыктары үчүн сынак уюштуруу иштери башталган. Ишке аткаруу бийлик органдары, эл аралык жана улуттук эксперттер, өнөр жай ишканаларынын адистери, ЖОЖдор жана илимий коомчулуктар тартылган. Сынакты өткөрүү боюнча ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоонун негизинде (биринчи кезекте Э.Деминг (Япония), М.Болдридж (АКШ) сыйлыктары, Европанын сапат сыйлыгы), сынакты өткөрүүнүн усулдук жана уюштуруучулук мамилелери иштелип чыккан. Кыргыз Республикасынын сапат сыйлыктары үчүн Европанын сапаттык сыйлыгында колдонулган Сапатты башкаруу боюнча Европа Фондунун (EFQM) Excellence Model да тандалды.
Продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаттык деңгээлин жогорулатууга, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, сапатты башкаруунун заманбап натыйжалуу ыкмаларын колдонууга дем берүү максатында 1997-жылы Кыргыз Республикасында биринчи жолу жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Россия Федерациясынан кийин экинчи , Кыргыз Республикасынын сапат жаатындагы сыйлыгына сынак белгиленген (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы No 478 «Кыргыз Республикасынын сапат сыйлыктарын белгилөө жөнүндө» токтому).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын сапат жаатындагы сыйлыктарын ыйгаруу боюнча кеңеш түзүлдү. Кеңештин ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыздоону Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору - Кеңештин Техникалык катчылыгы ишке ашырат. Улуттук сынактын кадыр-баркын жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 267-буйругу менен Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыктарын ыйгаруу боюнча Кеңештин жаңы курамы түзүлүп, Кеңештин жаңы курамы бекитилген. Кеңештин төрагасы – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кеңештин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри болуп дайындалды, Кеңештин курамына аткаруу бийлигинин борбордук органдарынын жетекчилери кирет. Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, бизнес-ассоциациялар.
Сынактын өтүшүн усулдук жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу, сынактын катышуучулары - уюмдарды баалоо боюнча Эксперттик комиссиянын ишин координациялоо Кеңештин Техникалык катчылыгы тарабынан ишке ашырылат.
Ата мекендик ишканалар жана уюмдар үчүн өз продукцияларын КМШ өлкөлөрүнө жана европалык рынокторго экспорттоонун маанилүүлүгүн эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Сапат сыйлыгынын критерийлери сапаттын Европалык сыйлыгы жана продукция жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү жетишкендиктери үчүн КМШ сыйлыгы менен шайкештирилди. Сапатка кызыкдар уюмдарга бирдиктүү уюштуруу принциптерине басым жасоо мүмкүнчүлүгүн берүү. Сапат боюнча көптөгөн чет өлкөлүк компаниялар менен иштешүү жана ошону менен эл аралык рынокто жана КМШ рыногунда алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу. Кошумчалай кетсек, бул практика уюмдар үчүн КМШ сыйлыгы жана Европанын сапат сыйлыгы үчүн сынактарга катышууга даярданууну жеңилдетет. Сынактын катышуучуларын баалоо методдору эл аралык мамилелерге негизделген.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан улуттук сыйлыктын белгилениши мамлекет тарабынан ата мекендик ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо проблемасынын маанилүүлүгүн, сапатка системалуу мамиле менен колдонууга колдоо көрсөттү.
Эксперттик комиссия түрдүү министрликтердин, ведомстволордун, коомдук уюмдардын, анын ичинде керектөөчүлөрдүн укугун коргоо органдарынын, жалпы маалымат каражаттарынын компетенттүү адистеринен түзүлөт, анын курамы Кеңеш тарабынан бекитилет.
Сыйлыктын модели уюмдун ишинин бардык аспектилерин камтып, аны башкарууну сапат маселелерин комплекстүү чечүүгө багытталгандыгын белгилей кетүү маанилүү.
Сынактын жеңүүчүлөрүн аныктоодо республикада өткөрүлгөн башка сынактардан айырмаланып, ишканаларды комплекстүү баалоого басым жасалат, б.а. Сыйлык продукциянын жана кызмат көрсөтүүнүн айрым сапаттык мүнөздөмөлөрүнө жетишкендиги үчүн гана эмес, ошондой эле бүтүндөй ишкананы башкаруунун натыйжалуулугу үчүн да ыйгарылат. Бул абдан маанилүү, анткени ал ата мекендик ишканаларга өз ишинин натыйжаларын дүйнөлүк мыкты жетишкендиктери менен салыштырууга, өндүргөн продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун жолдорун аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
Кыргыз Республикасынын сапат жаатындагы сыйлыгы негизделгенден бери экономиканын жана социалдык чөйрөнүн түрдүү тармактарын камтыган: курулуш, өнөр жай, агро-өнөр жай комплекси, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайы, эл керектөөчү товарлар, айыл чарбасы боюнча, ошондой эле туризм, байланыш, транспорт, турмуш-тиричилик жактан тейлөө, коомдук тамактануу, чекене соода, саламаттыкты сактоо, билим берүү, меймандостук кызмат көрсөтүүлөрүнүн ар кандай чөйрөлөрүндө 23 сынак өткөрүлдү.
Сапат жаатындагы сыйлык үчүн сынакка катышуу төмөнкүлөрдү аныктаганга мүмкүнчүлүк берет:
- ишкананын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоо (эксперттер тобу тарабынан жүргүзүлгөн баалоонун, ошондой эле баллдык системаны колдонуу менен өзүн-өзү баалоонун негизинде);
- тигил же бул ишканадагы ишти жана анын натыйжаларын рыноктун башка лидерлеринин окшош көрсөткүчтөрү менен салыштыруу;
- ишкананы өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын аныктоо.
Сынактын бардык катышуучуларынын түпкү максаты – рыноктун сегментинде лидерликти жеңүү.
Сапат сыйлыгы Өкмөттүн Аппаратынан, Сыйлык Кеңешинде көрсөтүлгөн аткаруучу органдардан баштап, ар кандай өлчөмдөгү уюмдарга, тармактарга жана региондорго чейин вертикалдуу сапатты башкаруунун алдыңкы ыкмаларын илгерилетүү аракеттерин бириктирди.