Главная / Эл аралык стандартташтыруу уюмунун (ИСО) Башкы ассамблеясы
Эл аралык стандартташтыруу уюмунун (ИСО) Башкы ассамблеясы
Кыргызстандарттын адистери 2026-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин Париж шаарында (Франция) өткөн ИСОнун Башкы ассамблеясынын (БА ИСО) ишине катышты. Эл аралык стандартташтырууну өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого арналган иш-чаралар ИСОнун Жылдык жыйынынын алкагында өтүп, ага дүйнөнүн 130 өлкөсүнөн 1286 делегат катышты.
Быйылкы иш-чаранын башкы урааны «Өзгөрүп жаткан дүйнөдө ишенимди түзүү» болду.
Башкы ассамблеянын иш-чаралар программасы үч негизги багытты камтыды: адамдар жана планета; жаңы технологиялар жана жасалма интеллект; ошондой эле соода жана өнүгүү. 30дан ашык сессия климатка адаптациялоо, киберкоопсуздук, жасалма интеллект жаатындагы жаңы тенденциялар, туруктуу соода жана продукциялардын санариптик паспорттору сыяктуу негизги маселелерге арналды. ИСОнун масштабдуу санариптик модернизациясы, жаңы платформаларга өтүүсү, контентке жетүүнүн жаңы моделдерин тестирлөө жана бул процесстерге мүчө өлкөлөрдүн активдүү тартылышы көрсөтүлдү. Мындан тышкары, стандарттарды жайылтууга жана аларды берүүнүн жаңы системаларын иштеп чыгууга чоң көңүл бурулду.
ИСОнун Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр боюнча DEVCO комитетинин пленардык жыйынында стандартташтыруу жаатындагы иштердин жыйынтыктары 2026–2030-жылдарга карата Өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн ИСОнун Иш-аракеттер планына ылайык сунушталды.
ИСОнун Башкы ассамблеясынын негизги жыйынтыктары катары төмөнкү чечимдер кабыл алынды:
Париж билдирүүсүн кабыл алуу: Эл аралык стандартташтыруу уюму (ISO) эл аралык стандарттардын туруктуулукту жогорулатуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялануу жана жаратылышты коргоо боюнча глобалдык аракеттерди колдоодогу ролун ырастаган Париж билдирүүсүн кабыл алды.
Билдирүүдө ошондой эле 2030-жылга чейинки ISO Стратегиясынын алкагында экологиялык туруктуулуктун артыкчылыктуу багыт экендиги жана ISOнун Париж келишимин, Бириккен Улуттар Уюмунун Туруктуу өнүгүү максаттарын, ошондой эле адаптациялоо жана туруктуулукту жогорулатуу боюнча глобалдык аракеттерди колдоого берилгендиги ырасталды.
Туруктуу өнүгүү максаттары (ТӨМ) боюнча дүйнөдөгү биринчи стандартты кабыл алуу: ИСО БУУнун Өнүктүрүү программасы (UNDP) менен биргеликте ISO/UNDP 53001:2026 стандартын расмий түрдө сунуштады. Бул уюмдарга БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүүгө кошкон салымын ишке ашырууга, өлчөөгө жана көзөмөлдөөгө жардам берген биринчи эл аралык менеджмент системасы болуп саналат.
ISO 9001 стандартынын жаңы редакциясы: Дүйнөдөгү эң кеңири колдонулган эл аралык стандарт — сапат менеджменти системалары боюнча ISO 9001 стандартынын заманбап бизнес талаптарына ылайыкташтырылган жаңы редакциясына арналган атайын сессия өткөрүлдү.
Башкы сессиянын алкагында эл аралык стандарттарды иштеп чыгууга кошкон эң натыйжалуу салымы үчүн ыйгарылуучу Лоуренс Д. Айхердин атындагы сыйлыкка талапкерлердин жыл сайын өткөрүлүүчү сынагынын жыйынтыктары да чыгарылды