Главная / «Кыргызстандарттын» адиси Ташкент шаарында убакыт жана жыштык метрологиясы боюнча эл аралык иш-чараларга катышты

«Кыргызстандарттын» адиси Ташкент шаарында убакыт жана жыштык метрологиясы боюнча эл аралык иш-чараларга катышты

«Кыргызстандарттын» адиси Ташкент шаарында убакыт жана жыштык метрологиясы боюнча эл аралык иш-чараларга катышты


06 октября, 2026

Ташкент шаары, 2026-жылдын 28-сентябры – 1-октябры

Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында КООМЕТке мүчө өлкөлөрдүн улуттук метрологиялык институттарынын адистерин бириктирген убакыт жана жыштык метрологиясы боюнча бир катар эл аралык иш-чаралар болуп өттү.

2026-жылдын 28–30-сентябрында Өзбекстандын Улуттук метрология институтунун (UzNIM) базасында адистердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга жана убакыт жана жыштык метрологиясы жаатындагы эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган БИПМ–КООМЕТ УТК 2026 Жайкы мектеби өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын атынан «Кыргызстандарт» Кыргыз улуттук метрология институтунун Электр энергиясы жана убакыт лабораториясынын башкы адиси Нурайым Илиязова катышты.

Жайкы мектептин алкагында катышуучулар убакыт жана жыштык метрологиясындагы заманбап ыкмалар жана методдор, өлчөөлөрдүн метрологиялык байкоого алынуусун камсыз кылуу, убакыт бирдигин берүү, заманбап эталондор жана эл аралык тажрыйбалар менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

2026-жылдын 1-октябрында Ташкент шаарында Евро-Азиялык мамлекеттик метрологиялык мекемелердин кызматташтыгынын (КООМЕТ) «Убакыт жана жыштык» боюнча TCTF техникалык комитетинин 19-жыйыны болуп өттү.

Жыйын убакыт жана жыштык метрологиясын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо, улуттук метрологиялык институттардын ортосунда тажрыйба алмашуу жана КООМЕТтин алкагында мындан аркы кызматташтыктын багыттарын кароо үчүн кесиптик аянтча болуп кызмат кылды.

«Кыргызстандарттын» өкүлүнүн Жайкы мектепке жана TCTFтин 19-жыйынына катышуусу адистин квалификациясын жогорулатууга, эл аралык тажрыйба алмашууга жана «Кыргызстандарттын» Электр энергиясы жана убакыт лабораториясын мындан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Иш-чаралардын жүрүшүндө алынган билим жана практикалык тажрыйба улуттук метрологиялык инфраструктураны өркүндөтүүдө, лабораториянын өлчөө мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүдө жана аткарылып жаткан иштердин заманбап эл аралык талаптарга шайкештигин камсыз кылууда колдонулушу мүмкүн.

Ошондой эле «Кыргызстандарттын» КООМЕТтин эл аралык иш-чараларына катышуусу региондогу улуттук метрологиялык институттар менен кесиптик байланыштарды чыңдоого жана өлчөөлөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

Маалымат үчүн:

КООМЕТ — Евро-Азиялык мамлекеттик метрологиялык мекемелердин кызматташтыгы.

TCTF «Убакыт жана жыштык» — убакыт жана жыштык метрологиясы боюнча КООМЕТтин техникалык комитети.

БИПМ — Өлчөмдөр жана таразалар боюнча эл аралык бюро.

UzNIM — Өзбекстандын Улуттук метрология институту.