Главная / КМШнын Экономикалык кеңешинин 111-жыйыны Ашхабадда өттү

КМШнын Экономикалык кеңешинин 111-жыйыны Ашхабадда өттү

2026-жылдын 11-сентябрында Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 111-жыйыны болуп өттү.


16 сентября, 2026

2026-жылдын 11-сентябрында Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Экономикалык кеңешинин 111-жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (Кыргызстандарт) делегациясы төмөнкү курамда катышты:

  • Айбек Мусаев —Кыргызстандарттын директору, КМШга катышкан мамлекеттердин стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин төрагасы;
  • Айжаркын Бекжанова — Кыргызстандарттын Стандартташтыруу башкармалыгынын стандартташтыруу бөлүмүнүн башчысы.

Жыйындын жүрүшүндө КМШга катышкан мамлекеттердин ортосунда экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган кеңири чөйрөдөгү маселелер каралды.

Негизги маселелердин бири болуп 2023–2026-жылдар аралыгындагы Стандартташтыруу, метрология жана сертификаттоо боюнча Мамлекеттер аралык кеңештин (МАК) ишмердүүлүгү жөнүндө Отчетту кароо болду. Отчетту МАКтын төрагасы Айбек Мусаев тааныштырды.

Илимий-техникалык жана өнөр жай кызматташтыгынын зарылдыгы, мамлекеттер аралык стандартташтырууну, техникалык жөнгө салууну, метрологияны жана шайкештикти баалоону өнүктүрүү маселелери каралды.

 

Кыргыз делегациясынын жыйынга катышуусу Кыргыз Республикасынын КМШга катышкан мамлекеттер менен экономикалык жана кесиптик өз ара аракеттенүүсүн мындан ары чыңдоого, мамлекеттер аралык стандартташтыруу чөйрөсүндө макулдашылган саясатты өнүктүрүүгө, ошондой эле сапат инфраструктурасын өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.