Главная / "Кыргызстандарт" Кытайдагы семинарда күн энергетикасы жаатындагы компетенциясын күчөтүүдө
"Кыргызстандарт" Кытайдагы семинарда күн энергетикасы жаатындагы компетенциясын күчөтүүдө
«Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында күн панелдеринин метрологиясы боюнча окуу семинарына Кыргызстандарт катышты
Кыргызстандарттын адистери директордун орун басары А. Карымшаковдун жетекчилиги астында Кытай Эл Республикасынын Улуттук метрология институту (УМИ) тарабынан уюштурулган фотоэлектрдик элементтердин метрологиясы боюнча окуу семинарына «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагында катышышты.
Семинар 2026-жылдын 14–30-апрели аралыгында Пекин жана Сучжоу шаарларында өтүп, фотоэлектрдик системалар тармагындагы өлчөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларына арналды. Программанын жүрүшүндө катышуучулар фотометрия, спектрометрия, фотовольтика, калибрлөө жана күн панелдерин сыноо боюнча алдыңкы лабораториялардын иши менен таанышып, ошондой эле күн симуляторлорун жана көчмө тестерлерди колдонуу ыкмаларын өздөштүрүштү.
Өзгөчө көңүл метрологиялык байкоо жүргүзүү (прослеживаемость) жана эл аралык стандарттарга бурулду. Криогендик радиометрдин жогорку тактыктагы эталон катары ролу жана Эл аралык электротехникалык комиссиянын (МЭК) талаптарына ылайык күн симуляторлорун калибрлөөнүн заманбап ыкмалары каралды.
Семинарга Египет, Вьетнам, Камбоджа, Мьянма, Таиланд, Түркия, Индонезия, Филиппин, Лаос, Беларусь, Аргентина, Бразилия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан келген өкүлдөр катышып, тажрыйба алмашып, эл аралык сертификаттарга ээ болушту.
Ошондой эле фотоэлектрдик системалар тармагындагы дүйнөгө белгилүү адис доктор Мартин Грин менен жолугушуу өтүп, ал күн энергетикасынын өнүгүшү жана өлчөөлөрдүн тактыгын жогорулатуу боюнча өзүнүн практикалык тажрыйбасы менен бөлүштү.
Семинарга катышуу Кыргызстандарттын адистеринин кесиптик компетенцияларын жогорулатууга жана метрология тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.