Главная / Россия Федерациясынын Москва шаарында Кыргызстандарт жана Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) жетекчилеринин жолугушуусу өттү
Россия Федерациясынын Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун (Кыргызстандарт) жана Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) жетекчилеринин жолугушуусу өттү.
2026-жылдын 11-майы, Москва шаары — Россия Федерациясы.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) Кытай Эл Республикасынын Рынокту жөнгө салуу мамлекеттик башкармалыгынын (SAMR) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, анын алкагында стандартташтыруу тармагындагы мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун келечеги талкууланды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электр энергетикасы, күн энергетикасы жана айыл чарба тармактарында тажрыйба алмашуу маселелерин карашты. Ошондой эле заманбап эл аралык талаптарды жана технологиялык тенденцияларды эске алуу менен стандартташтыруу жаатындагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Сүйлөшүүлөрдүн негизги багыттарынын бири Кыргызстандарт менен SAMR ортосундагы стандартташтыруу жаатындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну жаңылоо болду. Бул макулдашуу өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого, биргелешкен демилгелерди кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы техникалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган.
Мындан тышкары, тараптар 2026-жылга карата стандартташтыруу жана метрология тармагындагы адистерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштуруу пландарын талкуулашты. Атап айтканда, Кыргызстандарттын адистери үчүн семинарларды, стажировкаларды жана тажрыйба алмашуу программаларын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө жана сапат инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле продукциялардын эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.