Главная / Кыргызстандарттын электр жана убакыт эталондук лабораториясында аккредитациялык баалоо
Кыргызстандарттын электр жана убакыт эталондук лабораториясында аккредитациялык баалоо
2026-жылдын 11–12-мартында Кыргызстандарттын электр жана убакыт эталондук лабораториясында Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз Республикасынын Аккредитация борбору (КАБ) тарабынан ISO/IEC 17025:2019 «Сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенттүүлүгүнө коюлуучу жалпы талаптар» эл аралык стандартынын талаптарына ылайык инспекциялык көзөмөл жүргүзүлдү.
Лабораториянын ишмердүүлүгүнө баа берүү КАБнун баалоочусу жана Словения Республикасынын Улуттук метрологиялык институтунун техникалык эксперти тарабынан жүргүзүлдү.
Баалоонун жүрүшүндө Кыргызстандарттын эталондук лабораториясынын адистери жогорку деңгээлдеги кесиптик даярдыгын көрсөтүп, өздөрүнүн техникалык компетенттүүлүгүн тастыкташты. Жүргүзүлгөн баалоонун жыйынтыгында лабораториянын эл аралык талаптарга шайкештиги белгиленди.