Главная / Сертификация боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн тастыктоо тартиби жөнүндө
Сертификация боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн тастыктоо тартиби жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28 февралындагы № 107 "Сертификация боюнча эксперттерге (эксперт-аудиторлорго) карата талаптарды, сертификация боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн тастыктоону жүргүзүүчү органды, алардын компетенттүүлүгүн тастыктоо тартибин, сертификация боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү жөнүндө" токтомуна ылайык, сертификация боюнча эксперттердин (эксперт-аудиторлордун) компетенттүүлүгүн тастыктоону Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) жүргүзөт.
Сертификация боюнча эксперт тарабынан продукциянын шайкештигин тастыктоо эрежелерин жана жол-жоболорун бузуу фактылары аныкталган учурда, бул токтом менен Кыргызстандарт тарабынан төмөнкү чараларды көрүү белгиленген:
-сертификация боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонуусун токтото туруу жөнүндө чечим;
- сертификация боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонуусун токтотуу жөнүндө чечим.
Сертификация боюнча эксперттин компетенттүүлүк сертификатынын колдонуусун токтотуу үчүн негиздер болуп төмөнкүлөр саналат, анын ичинде:
1) сертификация боюнча эксперт тарабынан кол коюлган эки же андан көп шайкештик сертификаттарын же ал тарабынан катталган шайкештик жөнүндө декларацияларды сертификация боюнча эксперттин компетенттүүлүгүн баалоо жана тастыктоо жүргүзүлгөнгө чейинки эки жыл ичинде жараксыз деп табуу жөнүндө чечимдин болушу/кабыл алынышы;
2) сертификация боюнча эксперт тарабынан бир жыл ичинде шайкештикти тастыктоо боюнча иштердин аткарылбагандыгы жөнүндө маалыматтын болушу, ошондой эле сертификация боюнча эксперт тарабынан кол коюлган документтер жөнүндө маалыматтын бир жыл ичинде жок болушу;
3) сертификаттоо боюнча эксперттин инспекциялык контролдон (эгерде сертификаттоо схемасы талап кылса) же кезексиз баалоодон баш тартышы;
4) сертификаттоо боюнча эксперттин органга берген атайылап жалган документтерин жана маалыматтарын берүү фактысын аныкталса.
Аккредиттелген сертификаттоо органдары жогоруда көрсөтүлгөн талаптарды жетекчиликке алышы, продукциянын шайкештигин тастыктоо эрежелерин жана жол-жоболорун, ТР ТС/ЕАЭБ талаптарын шайкештик баалоо жөнүндө документтерди тариздөөдө так сактоосу зарыл.