Главная / Кыргызстандарттын коллегиясынын жыйыны: эталондук базаны модернизациялоо жана бекемдөө багыты

Кыргызстандарттын коллегиясынын жыйыны: эталондук базаны модернизациялоо жана бекемдөө багыты

Кыргызстандарттын коллегиясынын жыйыны: эталондук базаны модернизациялоо жана бекемдөө багыты


02 марта, 2026

27-февраль 2026-жылы Кыргызстандарттын Квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик кадрларды кайра даярдоо борборунун базасында аймактык борборлордун жетекчилеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин министринин орун басарынын катышуусунда коллегиянын жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө бардык аймактык борборлордун ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү каралып, отчеттук мезгилдеги иштердин жыйынтыктары талданып, метрология, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо системасын мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары аныкталды. Иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана эталондук базаны чыңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Коллегиянын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 251 «Кыргыз Республикасынын эталондук базасын 2024–2026-жылдарга өнүктүрүү программасы» Токтомун ишке ашыруунун алкагында бир катар аймактык борборлорго геометриялык, механикалык жана электрдик өлчөөлөр боюнча заманбап эталондук жана көмөкчү жабдуулар өткөрүлүп берилди.

Жабдуулар Баткен, Бишкек, Кара-Балта, Каракол, Нарын жана Токмок шаарларындагы аймактык борборлорго тапшырылды. Бул жабдуулар аткарылуучу өлчөөлөрдүн түрлөрүн кеңейтүүгө, натыйжалардын тактыгын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле аймактарда өлчөөлөрдүн биримдигин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Коллегиянын өткөрүлүшү Кыргызстандарттын материалдык-техникалык базасын модернизациялоо жана улуттук метрология системасын заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүү боюнча ырааттуу иштерди жүргүзүп жаткандыгын тастыктады.