Главная / Кыргызстандарттын салмак жана тараза эталондук лабораториясында аккредитациялык баалоо

Кыргызстандарттын салмак жана тараза эталондук лабораториясында аккредитациялык баалоо

Кыргызстандарттын салмак жана тараза эталондук лабораториясында аккредитациялык баалоо


21 января, 2026

2026-жылдын 19–21-январь күндөрү Кыргызстандарттын салмак жана тараза эталондук лабораториясында Германиянын аккредитациялоо органы DAkkS тарабынан ISO/IEC 17025:2019 «Сыноо жана калибрлөө лабораторияларынын компетенттүүлүгүнө коюлуучу жалпы талаптар» эл аралык стандартына ылайык аккредитациялык баалоо жүргүзүлдү.

Лабораториянын ишмердүүлүгүн Босния жана Герцеговинанын Улуттук метрология институтунун эл аралык техникалык эксперти баалады.

Инспекциялык көзөмөлдүн жүрүшүндө Кыргызстандарттын масса жана салмак эталондук лабораториясынын адистери жогорку деңгээлдеги кесиптик билимге ээ экенин көрсөтүп, өздөрүнүн техникалык компетенттүүлүгүн тастыкташты. Баалоонун жыйынтыктары лабораториянын калибрлөө жана өлчөө жаатындагы эл аралык талаптарга толук шайкеш келерин далилдеди.

Аталган инспекциялык көзөмөлдүн өткөрүлүшү жана анын оң жыйынтыктары Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн өлчөөлөрдүн жана калибрлөөлөрдүн эл аралык деңгээлде таанылышын камсыз кылып, улуттук өлчөө тутумуна болгон ишенимди жогорулатууга, ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзөт