Главная / Картахена биокоопсуздук протоколун ишке ашыруудагы социалдык-экономикалык аспекттер жана гендердик теңчилик
Картахена биокоопсуздук протоколун ишке ашыруудагы социалдык-экономикалык аспекттер жана гендердик теңчилик
2025-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (Кыргызстандарт) эксперттери Кыргызстандарт менен Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) ортосунда түзүлгөн Макулдашуунун алкагында консультациялык семинар өткөрүштү.
Семинар биокоопсуздуктун социалдык-экономикалык аспекттерин гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия принциптерин эске алуу менен кароого арналды.
Иш-чаранын алкагында Картахена биокоопсуздук протоколуна ылайык биокоопсуздук маселелери боюнча маалыматтык-түшүндүрүү сессиялары өткөрүлүп, кызыкдар тараптар менен талкуулоо үчүн техникалык сунуштамалардын долбоорлору сунушталды.
Семинардын жүрүшүндө генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдер (ГЖӨ) менен байланышкан социалдык-экономикалык аспекттерди аныктоо жана артыкчылык берүү боюнча ыкмалар каралды. Ошондой эле ФАО/ГЭФтин «Картахена биокоопсуздук протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук биокоопсуздук механизмин ишке ашыруу» долбоорунун максаттары жана милдеттери тааныштырылып, аны ишке ашырууда Кыргызстандарттын ролу талкууланды.
Өзгөчө көңүл Картахена протоколунун ГЖӨ/ТӨОну маркалоо талаптарына, өткөрмө пункттарында мониторинг жүргүзүү жана контролдоо маселелерине бурулду. Генетикалык жактан өзгөртүлгөн организмдерге дифференцияланган арыздар, ошондой эле айлана-чөйрөгө чыгарууда тобокелдиктерди баалоо боюнча техникалык колдонмолордун долбоорлору сунушталды. Семинардын жыйынтыгында гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия принциптерин эске алуу менен социалдык-экономикалык аспекттер боюнча жыйынтыктар чыгарылды.
Семинардын максаты — кесиптик компетенцияларды кеңейтүү, институционалдык потенциалды бекемдөө жана биокоопсуздук менен ГЖӨну жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашууга көмөктөшүү көрсөтүү болуп эсептелинет.