Главная / ФАОнун биокоопсуздук долбоорунун алкагында Кыргызстандарт лабораториялык жабдууларды алды
ФАОнун биокоопсуздук долбоорунун алкагында Кыргызстандарт лабораториялык жабдууларды алды
ФАОнун биокоопсуздук долбоорунун алкагында Кыргызстандарт лабораториялык жабдууларды алды
2025-жылдын 18-декабрында «Картахена биокоопсуздук протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук биокоопсуздук механизмин ишке ашыруу» долбоорун ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандартка кошумча лабораториялык жабдуулар өткөрүлүп берилди.
Бул жабдуулар азык-түлүк айыл чарба продукциясын сыноо лабораториясын жабдуу үчүн арналган жана Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) тарабынан уюмдун 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында колдоо көрсөтүлдү.
Жеткирилген жабдуулардын курамына өзгөрмө көлөмдөгү бир каналдуу пипеткалар, пипеткалоо үчүн чыгымдалуучу материалдар, жеке коргонуу каражаттары, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздоо жана медициналык калдыктарды утилдештирүү үчүн материалдар кирди.
Алынган жабдуулар лабораториянын техникалык жана аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, биокоопсуздук талаптарын сактоого, ошондой эле азык-түлүк айыл чарба продукциясын лабораториялык сыноолордун сапатын жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Долбоордун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасында улуттук биокоопсуздук тутумун чыңдоого жана эл аралык стандарттарды киргизүүгө өбөлгө түзөт