Главная / Улуттук биокоопсуздук механизмин ишке ашыруу боюнча байкоочу кеңеш
Улуттук биокоопсуздук механизмин ишке ашыруу боюнча байкоочу кеңеш
Улуттук биокоопсуздук механизмин ишке ашыруу боюнча байкоочу кеңеш Кыргызстанда өткөрүлдү
2025-жылдын 4-декабрында «Картахен протоколуна ылайык Кыргыз Республикасынын улуттук биокоопсуздук механизмин ишке ашыруу» долбоорун ишке ашыруу боюнча Байкоочу кеңештин жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстандарттын эксперттери, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, илимий мекемелердин кызматкерлери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйын Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү.ю
Кыргызстандарттын эксперттери тарабынан ФАО менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун (Кыргызстандарт) ортосунда түзүлгөн Макулдашууга кол коюлган учурдан тартып жүргүзүлгөн иштерди чагылдырган тиешелүү презентациялар сунушталды. Аталган Макулдашуу Картахен протоколунун жоболоруна ылайык улуттук биокоопсуздук механизмин түзүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн кызмат көрсөтүүнү карайт.
ФАО «Картахен протоколуна ылайык Кыргыз Республикасында биокоопсуздук» аттуу жаңы долбоордун алкагында биокоопсуздук жаатындагы үч негизги тоскоолдукту жоюуга багытталган. Бул долбоор улуттук деңгээлде биологиялык тобокелдиктерди көзөмөлдөө жана башкаруу системасын чыңдоону камсыздоону көздөйт.
Долбоор биологиялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга, мамлекеттик органдар менен илимий мекемелердин ортосундагы координацияны күчөтүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасында эл аралык стандарттарды жана мыкты тажрыйбаларды киргизүүгө багытталган.