Главная / «КМШнын мыкты стандартизатору – 2026» сынагы

«КМШнын мыкты стандартизатору – 2026» сынагы

«КМШнын мыкты стандартизатору – 2026» сынагы


13 ноября, 2025

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) стандартташтыруу тармагындагы жетишкендиктери үчүн Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча Межгосударстволук кеңештин сыйлыгы – «КМШнын мыкты стандартизатору – 2026» сынагы өтөрүн маалымдайт. Сынак 2025-жылдын 24-июнунда өткөн МГСтин 67-жыйынынын Протоколуна ылайык өткөрүлөт.

Сынактын уюштуруучусу: Кыргызстандарт.

Сынактын максаттары:
Межгосударстволук стандарттарды иштеп чыгуучуларды шыктандырүү, жаш адистерди тартуу, илимий-методикалык негиздерди жана билим берүү демилгелерин өнүктүрүү, инновацияларды жайылтуу жана КМШ мамлекеттеринин продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу.

Катышууга чакырылат:
Ишканалар, уюмдар, коомдук бирикмелер, илимий, билим берүү жана эксперттик мекемелер, ошондой эле жеке адамдар жана жамааттар (5 адамга чейин).

📅 Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 17-ноябрынан 2026-жылдын 1-мартына чейин.
📩 Өтүнмөлөрдү кабыл алуу үчүн e-mail: awardcouncil11@gmail.com
📞 Байланыш телефону: +996 (312) 625771
Сыйлык кеңешинин жооптуу катчысы: Абасбекова Элмира Шабданбековна.

Толук маалыматты, документ формаларын жана катышуу шарттарын төмөнкү даректен алса болот:
🔗 https://easc.by/konkurs-sng/9-kategoriya-ru-ru/614-konkurs-luchshij-standartizator-sng
(easc.org.by сайтынын «Сынактар» бөлүмүндө).

Лауреаттарды жарыялоо жана сыйлоо аземи 2026-жылдын июнь–июль айларында Кыргыз Республикасында өтө турган Стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча Межгосударстволук кеңештин 69-жыйынынын алкагында өткөрүлөт.

🏆 Жеңүүчүлөргө белгиленген үлгүдөгү дипломдор жана төш белгилер тапшырылат.

Презентация