Главная / "Кыргызстандарттын адистери Германиядагы KWS SAAT SE заводуна KWS BEETROMETER аппаратын изилдөө үчүн барышты"
"Кыргызстандарттын адистери Германиядагы KWS SAAT SE заводуна KWS BEETROMETER аппаратын изилдөө үчүн барышты"
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (Кыргызстандарт) KWS SAAT SE @ Co. KGaA демилгеси менен Кыргызстандарттын адистеринин Германиянын Айнбек шаарына 2025-жылдын 27-31-октябрындагы иш сапары тууралуу билдирет. Иш сапардын максаты - KWS BEETROMETER приборун Кыргыз Республикасынын Өлчөө каражаттарынын мамлекеттик реестрине киргизүү маселесин кароо үчүн зарыл болгон техникалык маалыматты завод-даярдоочудан алуу. Аталган прибор кант кызылчасынын сапатын, атап айтканда, канттын курамын өлчөө үчүн арналган.
Иш сапар зарыл болгон маалыматтарды алууга мүмкүндүк берди, бул приборду реестрге каттоо жана Кыргыз Республикасынын аймагында расмий түрдө колдонуу үчүн милдеттүү шарт болуп саналат.