Главная / "Борбордук Азия жана ИСО" аймактык жолугушуусу Астана шаарында болуп өттү.

"Борбордук Азия жана ИСО" аймактык жолугушуусу Астана шаарында болуп өттү.

"Борбордук Азия жана ИСО" аймактык жолугушуусу Астана шаарында болуп өттү.


04 ноября, 2025

2025-жылдын 17-октябрында Астана шаарында (Казакстан Республикасы) Эл аралык стандарттоо уюмунун (ИСО) колдоосу менен Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлиги тарабынан уюштурулган "Борбордук Азия жана ИСО" аймактык жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун (Кыргызстандарт) директорунун орун басары Карымшаков Абдыманап Сапашович сөз сүйлөп, ошондой эле Кыргызстандын стандартташтыруу жаатындагы эл аралык жана регионалдык демилгелерге активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн белгилеп, ИСО менен кызматташуу стандарттарды шайкеш келтирүү жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачканын баса белгиледи.

Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ИСО менен кызматташуусун бекемдөө маселелерин талкуулоого, стандартташтыруу, метрология жана техникалык жөнгө салуу жаатында тажрыйба алмашууга, ошондой эле улуттук стандартташтыруучу системаларды өнүктүрүүгө биргелешкен ыкмаларды иштеп чыгууга багытталды. Жыйындын жүрүшүндө ИСОнун катчысы Серхио Мухика мырза Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын стандартташтыруу боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү менен жолугушту.