Главная / Ош шаарында Кыргызстандарттын жыйыны өттү: тогуз айдын жыйынтыгы чыгарылып, өнүгүү приоритеттери аныкталды.
Ош шаарында Кыргызстандарттын жыйыны өттү: тогуз айдын жыйынтыгы чыгарылып, өнүгүү приоритеттери аныкталды.
2025-жылдын 28-октябрында Кыргызстандарттын тогуз айлык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча жыйын Ош шаарындагы Кыргызстандарттын Сыноо, сертификация жана метрология борборунун базасында өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Султан Маматович Ахматов, ошондой эле Кыргызстандарттын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышты.
Жыйындын жүрүшүндө отчеттук мезгилдеги иштердин жыйынтыктары талданып, метрология (өлчөө каражаттарын текшерүү жана калибрлөө), стандартташтыруу, сыноо базасын өнүктүрүү жана шайкештикти баалоо тармактарындагы мындан аркы иштин артыкчылыктуу багыттары талкууланды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрү 2025-жылдын 27–29-октябрь күндөрү өлкөнүн түштүк аймактарындагы сыноо лабораторияларынын ишмердүүлүгү менен таанышып, алардын учурдагы көйгөйлөрү жана муктаждыктары боюнча пикир алышышты. Айрыкча Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан санитардык-эпидемиологиялык станциянын, өсүмдүктөрдүн карантини борборунун, ошондой эле ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун материалдык-техникалык жабдылышы маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.