Главная / Кыргыз Республикасында биокоопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык ГМОнун маркировкасынын укуктук жана техникалык аспектилери
Кыргыз Республикасында биокоопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык ГМОнун маркировкасынын укуктук жана техникалык аспектилери
2025-жылдын 16-17-октябрында Чолпон-Ата шаарында «Кыргыз Республикасында биокоопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык ГМОнун маркировкасынын укуктук жана техникалык аспектилери» деген темада консультациялык семинар болуп өттү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын биокоопсуздук боюнча Картахена протоколуна ылайык улуттук механизмин ишке ашыруу боюнча ФАО/ГЭФ долбоорунун алкагында уюштурулду. Анда Кыргызстандарттын эксперттери, тиешелүү мамлекеттик органдардын, илимий мекемелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Семинардын негизги максаты — биокоопсуздук боюнча Картахена протоколунун нормаларын эффективдүү ишке ашырууга көмөктөшүү, ошондой эле генетикалык модификацияланган организмдерге (ГМО) мониторинг, көзөмөлдөө жү ргүзүү жана маркировкалоо боюнча улуттук механизмдерди өнүктүрүү болуп саналат. Өзгөчө көңүл мамлекеттик жана лабораториялык адистердин потенциалын жогорулатууга, биобезопастык институттук негиздерин бекемдөөгө жана Кыргыз Республикасынын укуктук-нормативдик базасын өркүндөтүүгө бурулду.
Программа алкагында төмөнкү негизги маселелер каралды:
• Пунктадагы ГМОну мониторинг жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Картахена протоколунун негизги жоболорун камтыган ГМОнун маркировкасына коюлган талаптардын тааныштырылышы.
• “ГМО камтыган продукцияны маркировкалоого коюлган талаптар боюнча колдонмо” презентациясы.
• Гендердик теңчилик жана социалдык инклюзия принциптерине негизделген социалдык-экономикалык аспектилер боюнча суроолор колдонулган практикалык сессиянын өткөрүлүшү, анын максаты — ГМО менен байланышкан социалдык-экономикалык кесепеттерди аныктоо жана приоритеттештирүү.
• Жергиликтүү айлана-чөйрөгө чыгарууда тобокелдиктерди баалоо менен байланышкан ГМОнун айырмаланган тапшырыктары боюнча Окутуу борборунун программаларынын долбоорлору жана колдонмолору боюнча талкуу.
• Лабораториялык персонал жана ГМО аныктоочу адистер үчүн окуу куралынын презентациясы.
Бул семинардын өткөрүлүшү төмөнкүлөргө көмөктөшөт:
• ГМО маркировкасы жана көзөмөлү боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого;
• Биокоопсуздук жаатында адистердин жана кеңири коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга;
• Лабораториялардын кадрдык жана техникалык потенциалын өнүктүрүүгө;
• Картахена протоколунун талаптарына ылайык улуттук укуктук жана процедуралык механизмдерди өркүндөтүүгө.
Иш-чаранын алкагында ошондой эле ГМО менен иштөөнүн социалдык-экономикалык баалоосу, чечим кабыл алуу процесстерине гендердик аспектилерди жана социалдык инклюзия принциптерин киргизүү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар жана кызыкдар тараптар үчүн биокоопсуздук боюнча техникалык сунуштамалар жана колдонмолорду иштеп чыгуу маселелери талкууланды.
Семинар Кыргыз Республикасынын биокоопсуздук боюнча Картахена протоколу боюнча милдеттенмелерин аткарууда маанилүү кадам болуп, биотехнология жана биокоопсуздук тармагында иштеген адистердин тажрыйбасын алмашуу, өнөктөштүктү бекемдөө жана кесиптик компетенцияларын жогорулатуу үчүн платформа болду.