Главная / «Кыргызстандарт» «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында жол эрежесин бузууларды фото-видео аркылуу каттоого алган комплекстерге метрологиялык текшерүү жүргүздү.

«Кыргызстандарт» «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында жол эрежесин бузууларды фото-видео аркылуу каттоого алган комплекстерге метрологиялык текшерүү жүргүздү.

«Кыргызстандарт» «Коопсуз шаар» долбоорун ишке ашыруунун алкагында жол эрежесин бузууларды фото-видео аркылуу каттоого алган комплекстерге метрологиялык текшерүү жүргүздү.


14 октября, 2025

2025-жылдын 7-октябрынан баштап, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2024-жылдын 18-сентябрындагы № 265 "Акылдуу шаар" долбоорунун "Коопсуз шаар" компонентин жана "Коопсуз өлкө" улуттук демилгесин ишке ашыруу маселелери жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, Кыргызстандарттын электрдик жана радиотехникалык өлчөөлөр лабораториясынын адистери, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Санариптик өнүктүрүү жана контролдоо бөлүмү, ошондой эле "Сити Лайн Компани" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын №118 "Өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, Бишкек ЦИСМдин өз каражаттарынын эсебинен сатылып алынган "ИВС-21" учурдагы убакыттын жана ылдамдыктын маанилерин өлчөөчү комплексин колдонуу менен "Авто Ураган-ВСМ2-М" аппараттык-программалык комплекстерине метрологиялык текшерүү жүргүзүлдү. "ИВС-21" учурдагы убакыттын жана ылдамдыктын маанилерин өлчөөчү комплекси эталондук өлчөө каражаты болуп саналат жана жол кыймылынын эрежелерин бузууларды фото-видео фиксациялоочу аппараттык-программалык комплекстерге ылдамдыктын жана убакыттын физикалык чоңдуктарынын өлчөмүн кайра чыгаруу, сактоо жана өткөрүп берүү үчүн арналган. Бул иш-чара жол кыймылынын катышуучуларынын мыйзамдуу кызыкчылыктарын өлчөөлөрдүн ишенимсиз натыйжаларынан коргоого багытталган. Метрологиялык текшерүү өлчөө каражаттарынын белгиленген метрологиялык мүнөздөмөлөргө шайкештигин аныктоого мүмкүндүк берет. Ошентип, Кыргызстандарт улуттук долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле БИЗДИН ӨЛКӨНҮН улуттук сапат инфраструктурасын өнүктүрүүгө мүмкүн болушунча салым кошот.