Главная / Дүйнөлүк стандарттар күнү

Дүйнөлүк стандарттар күнү

Дүйнөлүк стандарттар күнү


14 октября, 2025

Жыл сайын 14-октябрда дүйнөлүк коомчулук Дүйнөлүк стандарттар күнүн белгилейт.

Эл аралык стандартташтыруунун маанилүүлүгү жана анын дүйнөлүк экономикага тийгизген таасири бардык өлкөлөр үчүн таанылып, коопсуз жашоону, корголгон айлана-чөйрөнү жана бүтүндөй планетаны түзүү аракеттерине тийиштүү көңүл бурулат.

Бул маанилүү жана жооптуу ишке өз өмүрүн жана кесиптик чеберчилигин арнаган бүткүл дүйнөдөгү стандартташтыруу боюнча адистердин эмгеги жылдан-жылга бааланып келет.

Жыл сайын майрам дүйнө жүзү боюнча белгилүү бир теманын алдында белгиленет. 2025-жылы ал “Планетаны стандарттар менен коргойлу” деген темада белгиленет.

Эл аралык стандарттар биз колдой турган жана ийгиликтүү ишке ашыра турган практикалык чечимдерди сунуштайт. Эл аралык стандарттарды ишке ашыруу менен биз ТӨМгө жетүү жана планетабызды урматтоо менен сактоо процессинин бир бөлүгү болобуз. Биргелешип иш алып баруу менен биз коомго туруктуу өнүгүүнүн көйгөйлөрүн чечүүнүн реалдуу жолдорун сунуштайбыз.

Дал ушул максатты эске алуу менен Бүткүл дүйнөлүк стандартташтыруу күнү көп жылдардан бери белгиленип, эл аралык стандарттар ТӨМгө ийгиликтүү жетишүүгө жана заманбап стандарттар аркылуу планетабызды коргоого салым кошкон көптөгөн жолдорун көрсөтүп келет. Биз стандарттарды жана “Жакшы дүйнө үчүн бирдиктүү көз карашыбызды” колдонуу менен 2030-жылга чейинки күн тартибин ишке ашырууну тездетүү үчүн биргелешип иштөөдө бириктик.

КыргызстанДарттын ишмердүүлүгү ТӨМгө ийгиликтүү жетишүүгө жана менеджмент системаларын ишке ашырууга көмөктөшүүчү энергияны үнөмдөө, электр энергиясы, айлана-чөйрөнү башкаруу боюнча тиешелүү эл аралык стандарттарды жана суу менен абанын сапатына тиешелүү стандарттарды кабыл алууга багытталган. Ал ошондой эле улуттук стандарттарды эл аралык нормалар менен шайкеш келтирет жана бардык кызыкдар тараптарга стандарттар боюнча ишенимдүү маалымат берет.

КыргызстанДарттын негизги максаты – стандартташтыруу иш-чараларына көңүл буруу, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, актуалдуу коомдук маселелерди чечүүдө стандарттардын ролун көрсөтүү.

Профессионалдык ишмердүүлүгүңүздө мындан ары да ийгиликтерди, алдыга койгон максаттарыңызга жетүү үчүн түгөнгүс күч-кубат, чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайбыз!