Главная / КООМЕТ ТК 1.6 «Масса жана ага байланыштуу ченөөлөр» боюнча 29-жыйынынын жыйынтыктары

КООМЕТ ТК 1.6 «Масса жана ага байланыштуу ченөөлөр» боюнча 29-жыйынынын жыйынтыктары

КООМЕТ ТК 1.6 «Масса жана ага байланыштуу ченөөлөр» боюнча 29-жыйынынын жыйынтыктары


03 октября, 2025

2025-жылдын 30-сентябрынан 2-октябрына чейин Кыргыз Республикасында КООМЕТ 1.6 Техникалык комитетинин (ТК) гибриддик форматтагы жыйыны өтүп, анда метрология тармагындагы кызматташтык маселелери каралды.

Жыйынга Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Сауд Аравия Королдугунун улуттук метрологиялык институттарынын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле Беларус, Тажикстан, Босния жана Герцеговиня, Грузия жана Армения мамлекеттеринин өкүлдөрү онлайн форматта катышты.

Жыйындын негизги темалары жана чечимдери:

  • КООМЕТ Комитетинин жана КООМЕТ Президенттик кеңешинин Техникалык комитеттин ишмердүүлүгүнө тиешелүү чечимдери каралды.
  • 2024–2025-жылдар аралыгында ТК 1.6 тарабынан жүргүзүлгөн иштер боюнча отчет сунушталып, мурунку жыйындын чечимдеринин аткарылышы, эл аралык уюмдардын жана региондук метрологиялык уюмдардын иш-чараларына катышуусу талданды.
  • КООМЕТ темалары боюнча иштердин жүрүшүнө сереп жасалып, иш программасы жаңыртылды.
  • Массанын, күчтүн, айланма моменттин, басымдын өлчөө тармагындагы кошумча салыштыруулар жана төмөнкү багыттар боюнча эталондордун эки тараптуу салыштыруулары талкууланды: наноиндентация, суюктуктардын аз көлөмдөгү тыгыздыгы жана илешкектүүлүгү, газ жана суунун агымы менен көлөмү.
  • SI бирдиктерин кайра аныктоо боюнча COOMET P6/2021 программасынын (2020–2025-жж.) килограмм бөлүгүндөгү ишинин жүрүшү каралып, аны жаңыртуу зарылдыгы белгиленди.
  • «Масса жана ага байланыштуу ченөөлөр» чөйрөсүндө негизги референттик өлчөө ыкмаларын иштеп чыгуунун максатка ылайыктуулугу боюнча талкуу болду.
  • CIPM MRAнын ишке ашырылышы боюнча маселелер каралып, СМСтин регион ичиндеги жана регион аралык экспертизасы, техникалык эксперттердин тизмесин жаңылоо жана аларды KCDB 2.0 платформасына каттоо маселелери талкууланды.

Эл аралык жана мамлекеттер аралык стандарттардын талаптарын практикалык колдонууга өзгөчө көңүл бурулду — 2025-жылдын 2-октябрында Кыргызстандарттын базасында теориялык жана практикалык бөлүктү камтыган «Тараза калибрлөөгө» арналган семинар өткөрүлдү. Бул иш-чара катышуучуларга тажрыйба алмашууга жана адистердин квалификациясын жогорулатууга шарт түздү.