Главная / 1-октябрь - Эл аралык карылар күнү
1-октябрь - Эл аралык карылар күнү
1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун (Кыргызстандарт) жамааты уюмдун ардагерлерине, пенсионерлерине жана улгайган адамдарына майрамдык кабыл алуу уюштурду.
Кыргызстандарттын жетекчилиги жана жамааты стандартташтырууну, метрологияны жана шайкештикти баалоону өнүктүрүүгө баа жеткис салым кошуп, узак жылдар, атүгүл ондогон жылдар бою өз эмгегин арнаган адамдарга ыраазычылык билдиришти.
Кыргызстандарт чакырылган кесиптештеринин ар бирине көп жылдык эмгеги, тажрыйбасы жана акылмандыгы менен жаш муундарга бөлүшкөндүгү үчүн терең ыраазычылыгын билдирет. Сиздерге чың ден соолук, жан дүйнө жылуулугу жана жакындарыңыздын камкордугу менен узак өмүр каалайбыз!