Главная / Кыргызстандарт CIPM MRA маселелери боюнча тегерек столго катышты

Кыргызстандарт CIPM MRA маселелери боюнча тегерек столго катышты

Кыргызстандарт CIPM MRA маселелери боюнча тегерек столго катышты


29 сентября, 2025

             2025-жылдын 25-сентябрында Кыргызстандарттын делегациясы Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарында өткөн "CIPM MRA чакырыктары жана мүмкүнчүлүктөрү" тегерек үстөлгө катышты.

              Иш-чаранын негизги спикерлери Эл аралык өлчөө жана салмак бюросунун (BIPM) директору Мартин Милтон, CIPM MRA өкүлү Чыңгыз Куанбаев жана KCDB жетекчиси Кадзуаки Ямазава болуп чыгышты. Талкууга COOMET, EURAMET, GULFMET, AFRIMET жана SIM регионалдык метрологиялык уюмдарынын өкүлдөрү да катышты.                        Тегерек стол BIPM менен биргеликте COOMETтин эгидасы астында уюштурулган жана ал өз ара таануу келишимине (CIPM MRA) али кошулбаган өлкөлөрдүн улуттук метрология институттарына багытталган. Катышуучулар келишимге кол коюунун улуттук метрология институттары үчүн жана жалпы мамлекеттер үчүн артыкчылыктарын талкуулашты, пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүү боюнча тажрыйба алмашышты жана эл аралык колдоонун мүмкүн болгон формаларын карашты.

            CIPM MRA келишими эталондорду жана калибрлөө сертификаттарын эл аралык таанууну камсыз кылат, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтат жана улуттук продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн бекемдейт. Мындан тышкары, келишимге катышуу өлкөнүн илим, технология жана өнөр жай жаатындагы кадыр-баркын бекемдейт. Учурда БУУнун мүчөсү болгон 74 мамлекет, анын ичинде Кыргыз Республикасы дагы CIPM MRAга кол койгон эмес.

             Иш-чаранын жүрүшүндө BIPM өкүлдөрү ошондой эле 2026-жылдын IV кварталында Метрикалык конвенцияга кол койгон өлкөлөргө колдоо көрсөтүүгө багытталган масштабдуу "Observing" долбоорун ишке киргизүү жөнүндө кабарлашты. Долбоорго катышуу акысыз болот жана мамлекеттерге CIPM MRAга кошулуунун артыкчылыктары менен тереңирээк таанышууга мүмкүндүк берет.

            Бул контекстте Кыргызстандарт Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен биргеликте, ошондой эле BIPM эксперттеринин катышуусунда бул багытта активдүү ишин улантууну көздөйт.