Главная / Биокоопсуздук маселелери боюнча семинар (Ош шаары, 2025-жылдын 18–19-сентябры)
Биокоопсуздук маселелери боюнча семинар (Ош шаары, 2025-жылдын 18–19-сентябры)
Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) түзүлгөнүнүн 80 жылдыгын майрамдоонун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору менен ФАО ортосундагы Келишимди ишке ашыруу максатында Ош шаарында Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик кызматкерлери жана кызыкдар тараптардын катышуусунда консультациялык семинарлар өткөрүлдү.
Семинардын негизги максаттары – Картахена протоколуна ылайык «Кыргыз Республикасында биокоопсуздук боюнча улуттук механизмди ишке ашыруу» аттуу ФАО/ГЭФ долбоорунун милдеттерин аткаруу, компетенттүүлүктү жана кесиптик деңгээлди жогорулатуу, ошондой эле биокоопсуздук боюнча тажрыйба алмашуу жана практикалык маселелерди талкуулоо болду.
Семинарда төмөнкү негизги маселелер каралды: ГМО камтыган продукцияларды маркалоого коюлуучу талаптар боюнча көрсөтмөлөр; айлана-чөйрөгө чыгаруу үчүн ГМО/ЖИО боюнча ар түрдүү өтүнмөлөрдү даярдоо (коркунучтарды баалоо, тобокелдиктерди башкаруу, мониторинг); лабораторияларда ГМО/ЖИОну аныктоо жана мониторинг жүргүзүү маселелери; ошондой эле гендердик теңдик жана социалдык инклюзия принциптерин камтыган социалдык-экономикалык аспектилер талкууланды. Мындан тышкары, техникалык эксперттер биокоопсуздук маселелери боюнча сунуш долбоорлорун сунуштап, мамлекеттик органдар менен министрликтер арасында ГМОго байланыштуу социалдык-экономикалык аспектилердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо үчүн сурамжылоолорду жүргүзүштү.
Семинардын уюштуруучулары: Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО), Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбору жана Борбордук Азиядагы Региондук экологиялык борбордун Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү.