Главная / Кыргызстандарт Кытай Эл Республикасынан келген делегацияны кабыл алып, стандартташтыруу жана метрология тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргызстандарт Кытай Эл Республикасынан келген делегацияны кабыл алып, стандартташтыруу жана метрология тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Кыргызстандарт Кытай Эл Республикасынан келген делегацияны кабыл алып, стандартташтыруу жана метрология тармагында кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.


24 сентября, 2025

Партнердук мамилелерди кеңейтүү жана метрология, стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо жаатында эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө максатында бүгүн Кыргызстандартта Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик башкаруу башкармалыгынын стандарттык технологияларды башкаруу департаментинин делегациясы менен жолугушуу өткөрүлдү. 

Тараптар улуттук жана эл аралык стандарттар боюнча кызматташтыктын келечеги, ошондой эле метрологиянын өзгөчө маселелери боюнча тажрыйба алмашышты. Жолугушууда темир жол транспорту, энергетика жана эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ заряддоо жабдыктары боюнча өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бөлүндү. 

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар продукциянын сапаты жана коопсуздугун жогорулатуу, ошондой эле туруктуу экономикалык өнүгүү кызыкчылыктарында стандарттарды гармонизациялоо боюнча кошумча кызматташууга даяр экендигин белгилешти.