Главная / Кыргызстандарттын делегациясы Кытайдагы сапат боюнча форумдун 6-конференциясына катышты
Кыргызстандарттын делегациясы Кытайдагы сапат боюнча форумдун 6-конференциясына катышты
2025-жылдын 16–17-сентябрында Кыргызстандарттын делегаттары Кытай Эл Республикасынын Нанкин шаарындагы Эл аралык сапат боюнча көргөзмө-конгресс борборунда өткөн 6- конференциясына катышышты.
Конференциянын алкагында Кытай Эл Республикасынын Улуттук метрология жана стандартташтыруу институтунун өкүлдөрү менен жолугушуулар өттү. Жолугушууларда өлчөөлөрдүн биримдигин жана байкоого мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, лабораториялар аралык салыштырууларды өткөрүү, ошондой эле стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо тармагындагы негизги маселелер талкууланды.
Сүйлөшүүлөр Кыргызстандарт менен Кытай Эл Республикасынын Базарды жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрациясынын ортосунда кол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашырууга багытталган.