Главная / «Кыргызстандарттын» директору Нурматов Б.А. мурда ээлеген кызматынан бошотулду

«Кыргызстандарттын» директору Нурматов Б.А. мурда ээлеген кызматынан бошотулду

«Кыргызстандарттын» директору Нурматов Б.А. мурда ээлеген кызматынан бошотулду


17 сентября, 2025

Кыргызстандарттын директору Нурматов Болотбек Асанович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 5-сентябрындагы №527 буйругуна ылайык, Япониянын Эл аралык университетине (International University of Japan) JICA (SDGs Global Leader) магистрдик программасы боюнча окууга өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Кыргызстандарттын жамааты Болотбек Асановичке жемиштүү ишмердүүлүгү, уюмдун өнүгүшүнө жана өлкөнүн стандартташтыруу системасына кошкон олуттуу салымы үчүн терең ыраазычылык билдирет. Биз ага мындан аркы ийгиликтерди, бакубатчылыкты жана кесиптик, жеке өсүү жолунда жаңы жетишкендиктерди чын жүрөктөн каалайбыз.