Главная / Кыргыз Республикасынын Тигүүчүлөр ассоциациясы менен Кыргызстандарттын эл керектөөчү товарларды сыноо лабораториясы менен болгон жолугушуусу

Кыргыз Республикасынын Тигүүчүлөр ассоциациясы менен Кыргызстандарттын эл керектөөчү товарларды сыноо лабораториясы менен болгон жолугушуусу

Кыргыз Республикасынын Тигүүчүлөр ассоциациясы менен Кыргызстандарттын эл керектөөчү товарларды сыноо лабораториясы менен болгон жолугушуусу


17 сентября, 2025

Тармактык бирикмелер менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөө жана ата мекендик продукциянын сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Тигүүчүлөр ассоциациясынын Төрайымы Дүйшөбаева Дилорамкан Камиловна, ТрендТекс компаниясынын жетекчиси жана “КыргСерт” ЖЧК башчысы - Мамазияева Гулиза Арзыбаевна менен чогу Кыргызстандарттын эл керектөөчү товарларды сыноо лабораториясынын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ассоциациянын Төрайымы лабораториянын ишмердүүлүгү, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана жеңил өнөр жай продукцияларын, анын ичинде кездемелерди жана даяр тигүү буюмдарын сыноого арналган заманбап жабдуулары менен таанышты.

Өзгөчө көңүл төмөнкү маселелерге бурулду:

·       продукциянын улуттук жана эл аралык стандарттардын талаптарына шайкештигин камсыз кылуу;

·       продукциянын сапатын жана коопсуздугун контролдоо тутумун өркүндөтүү;

·       ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу.

Лабораториянын жетекчилиги жүргүзүлүп жаткан сыноолор жөнүндө маалымат берип, тигүү тармагынын өндүрүүчүлөрү менен мындан аркы тыгыз кызматташууга даяр экендигин белгиледи.

 

Жолугуушуунун жыйынтыгында тараптар жеңил өнөр жайды өнүктүрүүгө, сапаттуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны чыгарууга жана Кыргыз Республикасынын эл аралык рыноктогу ордун чыңдоого багытталган биргелешкен иштин маанилүүлүгүн белгилешти. Ошону менен биргеликте, жаңыдан курула турган сыноо лабораториялардын сыноо жабдууларынын тизмесин Кыргызстандарттын өкүлдөрү менен Кыргыз Республикасынын Тигүүчүлөр ассоциациясынын Төрайымы жана ТрендТекс компаниясынын жана “КыргСерт” ЖЧК башчысы чогу карап чыгышты.