Главная / Кыргызстан менен Өзбекстан метрология жаатында кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Өзбекстан метрология жаатында кызматташтыкты бекемдейт

Кыргызстан менен Өзбекстан метрология жаатында кызматташтыкты бекемдейт


16 сентября, 2025

2025-жылдын 10-сентябрынан 12-сентябрына чейин Кыргызстандарттын Метрология башкармалыгынын узундук эталондук лабораториясынын базасында өлчөө ыкмаларын өркүндөтүүгө жана метрология жаатында эл аралык кызматташтыкты чыңдоого багытталган иш-чаралар болуп өттү.

Сапардын алкагында Техникалык жөнгө салуу боюнча агенттиктин алдындагы Өзбек улуттук метрология институтунун Андижан филиалынын адистери кыргыз кесиптештери менен биргеликте төмөнкүлөргө катышты:

калибрлөө ыкмасын валидациялоого; 

лабораториялар аралык салыштырууларга;

микроскопторду калибрлөөдө өлчөө ыкмаларын өркүндөтүүгө.

Иш-чаралар эки өлкөнүн эталондук лабораторияларынын ортосунда тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатында өткөрүлдү. Мындан тышкары, сапар кесиптик байланыштарды чыңдоого жана аймакта метрологиялык байкоого бирдиктүү мамилени калыптандырууга өбөлгө түздү.

Кыргызстандарт жана УзНИМ заманбап өлчөө ыкмаларын өнүктүрүү жана калибрлөө жана текшерүү иштеринин натыйжаларын эл аралык деңгээлде таанууну жогорулатуу боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендиктерин тастыкташты.