Главная / Кыргызстандарттын аймактык органдары үчүн семинар өткөрүү

Кыргызстандарттын аймактык органдары үчүн семинар өткөрүү

Кыргызстандарттын аймактык органдары үчүн семинар өткөрүү


08 сентября, 2025

          2025-жылдын 1-сентябрынан 6-сентябрына чейин Чок-Тал шаарында Кыргызстандарттын аймактык органдары үчүн семинар болуп өттү. Иш-чаранын негизги басымы ГОСТ 8.523–2015 талаптарын колдонууга арналган практикалык бөлүккө жасалды. Семинардын алкагында төмөнкү негизги маселелер каралды:

• Тышкы баалоону талдоо Кыргыз аккредитация борбору (КАБ) тарабынан жүргүзүлгөн тышкы баалоонун жыйынтыктары документтештирилген жол-жоболорду жакшыртуу максатында изилденип, жыйынтыгында аныкталган кемчиликтер боюнча оңдоо иш-чаралары түзүлдү.

• Менеджмент тутумундагы өзгөрүүлөр Метрологиялык лабораториялардын сапат менеджменти тутумун башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган жаңылануулар талкууланып, киргизилди.

• Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү тобокелдиктерди баалоо Потенциалдуу тобокелдиктер аныкталып, аларды азайтуу боюнча иш-чаралар түзүлдү.

• Жетекчиликтин тарабынан талдоо Текшерүүчү органдын эскертүүлөрүнө карата чаралар көрүлүп, аймактык органдардын адистерине жетекчиликтин тарабынан талдоо жүргүзүү боюнча кириш жана чыгыш маалыматтарына тиешелүү сунуштар берилди. Катышуунун натыйжалары: Семинар аймактык органдардын өкүлдөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу, актуалдуу маселелерди талкуулоо жана Кыргызстандарт тутумунун алкагында бирдиктүү ыкмаларды макулдашуу үчүн аянтча болуп калды. Алынган билим жана практикалык тажрыйбалар төмөнкүлөргө өбөлгө түздү:

• иштин натыйжалуулугун жогорулатууга,

• көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга,

• Кыргыз Республикасында өлчөөлөрдүн бирдейлигин камсыз кылуу тутумун бекемдөөгө.